Ислам Каримовдун "жаркын элеси" сүрөттөрдө

Экспозиция февралда Каримов 2016-жылы көз жумганга чейин жашап, иштеп келген "Оксарой" (өзбек тилинен которгондо "Ак сарай" дегенди билдирет) резиденциясында ачылды. 

Сүрөттө: көргөзмөгө келгендер. Музейдин кызматкерлери "Азаттыкка" кабарлаганы боюнча, музейге коюлган сүрөттөрдүн басымдуу бөлүгү буга чейин сарайда илинип турчу. Айрымдары гана атайын экспозиция үчүн буюртма менен алынган.

Импрессионизм стилиндеги портрет. Эгемен Өзбекстанды башкарган 25 жылдын ичинде мурдагы советтик аппаратчы бир да жолу демократиялык шайлоо өткөргөн эмес. Өлкөнү өмүрүнүн аягына чейин башкарган Каримов полициялык мамлекет түзүп, ага каяша айткандар кыйноого кабылганын укук коргоочулар айыптап келишти.

Сүрөттө: "Студенттик жылдар жөнүндө эскерүүлөр" аттуу картина галереянын кире беришинде эле илинип турат. Самаркандда төрөлгөн Каримов СССРдин Мампланында эмгек жолун баштаардан мурда инженердик кесипти жана экономиканы Ташкентте өздөштүргөн.

2005-жылы тартылган бул картина Каримов айыл башчылары менен кошо бата кылып жатканын чагылдырат. Өзбекстандын мурдагы президенти исламчыл радикализмге каршы катаал чара көргөнү менен белгилүү болчу.

Бул сүрөттө Каримов жолборстор - анын "колдоочулары" менен кузгундарга каршы турганы көрсөтүлгөн. Жергиликтүү гиддин айтымында, кузгундар "ислам терроризмин" символдоштурат.

1993-жылы тартылган картина. Мында Каримов колуна кызды көтөрүп алган, ал эми анын артында фейерверктер атылууда. Өлкөнүн чыгышындагы Анжиян шаарында куралдуу күчтөр өкмөткө каршы чыккандарды күч менен басканы Каримов башкарган убактагы эң кандуу окуя болгон. Ал күндөрү жүздөгөн адамдар өмүрү менен кош айтышкан.

"Көз караш" картинасы 2017-жылы тартылган.

Музейге келгендер Каримовдун портреттеринин алдында өздөрүн сүрөткө тартып жатышат. 

Каримов БУУда сөз сүйлөп жатканын чагылдырган картина. Бул полотно "Ааламды кучагына алган жүрөк" деп аталат.

2017-жылы тартылган картинанын фрагменти. Автор Өзбекстандын келечегин ушундай элестетет.

Музейдеги башка экспонаттар - Өзбекстандын туңгуч президентинин колодон жасалган бюсттары жана айкелдери. Музейде туруктуу иштеген гиддер англис, өзбек жана орус тилдеринде кызмат көрсөтүшөт.

Каримовдун өспүрүм курагын чагылдырган картина.

"Арал алааматы". Бул картина БУУнун жыйынына катышкан Каримовду чагылдырып турат.

Көргөзмө залында колодон жасалган айкел. План боюнча, октябрда "Оксаройдун" негизги имараты Каримовдун кабинети жана уктоочу бөлмөсү болуп музейдин бир бөлүгү катары ачылышы керек. Анткен менен музейдин келечеги азырынча бүдөмүк.

Самарканддагы жайма базарда Каримовдун сүрөтү түшүрүлгөн табактар. 4-августта ушул сүрөттөр чыккандан көп өтпөй эле бийлик рейд жүргүзүп, мындай сувенирлерди сатууга тыюу салганы кабарланууда. Ошол эле учурда Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясынын курамына кирген бардык телеканалдардын редакторлоруна эфирде өлкөнү 27 жыл бою башкарган биринчи президент, маркум Ислам Каримовдун атын атоого тыюу салынганы да белгилүү болду.