Шевченко чемпион бойдон калды

Валентина Шевченко - UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону. 

Валентина Шевченко чемпиондук курун коргош үчүн 25-апрелде, бразилиялык Жесика Андраде менен беттешке чыкты. 

Бразилиялык мушкер Жесика Андраде учурда 29 жашта. Ал UFCнин аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы экс-чемпиону. Ал чемпиондук наамды 2019-жылы 11-майда утуп алган. Бирок үч айдан соң, кезектеги беттешинде жеңилип, чемпиондук наамынан кол жууган. 

Турнир 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өттү.

Эки раундга созулган айыгышкан беттеште кыргызстандык мушкер толук артыкчылык көрсөттү.

Жыйынтыгында техникалык нокаут менен калыстар жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарышты.

Валентина Шевченко учурда 33 жашта. 

Экинчи раундда Валентина атаандашы Жесиканы жерге жыгып, катар-катар сокку уруп жатканда калыстар беттешти токтотту.

Ушуну менен Валентина Шевченко беш жолу чемпиондук курун коргоп калды.

Валентина Шевченко - эл аралык аренада Кыргызстандын атын таанытып келаткан спортчу. Беш жашында спортко аралашкан Шевченко муай-тай боюнча дүйнөнүн 11 жолку, кикбоксингдин К-1 түрүнөн дүйнөнүн үч жолку, таймаштын аралаш түрлөрү боюнча (ММА) дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду.

Валентина Шевченко менен Жесика Андраде беттеш алдында. АКШ, Жексонвилл шаары. 24-апрель, 2021-жыл.