Өзбек укук коргоочусу Кыргызстанга киргизилбеди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өткөн түнү өзбекстандык адам укугун коргоочу, Ташкендеги "Эзгулик" борборунун төрайымы Васила Иноятованы "Манас" аэропортунан кыргыз чек ара кызматынын өкүлдөрү өлкөгө киргизбей коюшту. Ал бир нече саат аэропортто кармалгандан кийин Стамбулга учканга аргасыз болгон. Стамбул аэропортунан Иноятова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.