Освенцим - дүйнөдөгү эң чоң көрүстөн

Советтик армия Освенцимдеги өлүм лагерине кирип барып дүйнөгө Холокост кыргынынын сырын ачканына 75 жыл болду. Советтик жоокерлер лагерде үйүлүп жаткан сөөктөрдү, бузулган газ камераларын жана миңдеген араң жан туткундарды табышкан. 27-январь тарыхта «Эл аралык Холокост курмандыктарынын эскерүү күнү» деп аталып калган.