Казакстан Олимпиадада жеңгендерди акчалай сыйлайт
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Казак бийлиги Олимпиададан ийгиликтүү кайткан атлеттерине 75 миңден 250 миң доллардан сыйакы бермей болду. Өзбекстандын маркум президентинин тун небереси Ислам Британиядан саясий башкалка сурады. Бир ай мурда ал апасы Гүлнара Каримовага байланыштуу чоң окуя болгонун айтып, документтер даяр болсо эле башпаанек сурай турганын Би-Би-Сиге билдирген. АКШ “Кремль тизмесин” жарыялады. Ага президент Путиндин эң жакынкы чөйрөсүндөгү адамдар жана олигархтар, жалпы 200дөн ашуун адам кирген. Эми Вашингтон аларга санкция салышы да мүмкүн.