Көрүнбөй калган Ким Чен Ын...

“Эмнеге Ким Чен Ындын Түндүк Кореясы тууралуу эч ким билбейт?”

Эл аралык басма сөзгө сереп (22-29-сентябрь)

Эл аралык басма сөздүн узаган аптадагы башкы темаларынын бири - Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын саламаттыгы болду. Ал үч аптадан бери коомчулуктун алдына чыкпай жатат деп жазат The Telegraph. 31 жаштагы корей лидеринин буту ооруп жатканы тууралуу имиштер айтылганы менен Түндүк Кореянын медиасы бул багытта эч кандай маалымат бере элек. Токиодогу Васеда Университетинин профессору Тошимитсу Шигемура The Telegraph гезитине: “Кимдин саламаттыгы барган сайын начарлап баратканы тууралуу бир топ сөздөр айтылып, ал тургай ушул жылдын июль айында анын аксап басып жүргөнүн көрсөткөн видеолор да чыккан”, - деди.

Американын The Washington Post гезитинин аналитикалык түрмөгүнө “Эмнеге Ким Чен Ындын Түндүк Кореясы тууралуу эч ким билбейт?” деген тема менен Адам Тейлордун макаласы жарык көрдү. Анда Пхеньянда өтүп жаткан жогорку даражадагы чогулуш жана жыйындарга Ким Чен Ын катышпай жатканы бир топ шектенүүгө жол ачты деп жазылган. Балким ал катуу ооруп, тура албай калды, же эс алууга кетти, же болбосо жашыруун өлкөдөн чыгып качып кетти дейт журналист Тейлор. Ким Чен Ындан мурдагы атасы менен чоң атасынын саламаттыгы Түндүк Кореянын медиасында эч качан талкууланчу эмес. Ушул салтты улап эле 31 жаштагы Ким Чен Ындын азыр кайда, эмне кылып жатканын расмий Пхеньян болушунча жашырууда деп жазды The Washington Post гезити.

Британиянын Daily Mirror гезити болсо акыркы кезде Ким Швейцариянын быштагын аябай жактырып жеп калганын, балким ал мыкты быштак издеп Швейцарияга жашыруун кетип калып жүрбөсүн деп шакаба чекти.

Индия - Марска учкан алгачкы азиялык өлкө

The Diplomat басылмасы “Дүйнөдөгү Марска болгон эң арзан миссияны Индия кантип ишке ашырды?” деген тема менен индус космос индустриясындагы жаңылыкты иликтеген. Узаган аптанын шаршембисинде Индия Мангалян аттуу космостук тажрыйба ишке ашып, Марска ракетасын эки жолу учурган дүйнөдөгү жалгыз өлкө катары тарыхка кирди. Өлкө бул долбоор үчүн 74 миллион доллар жумшаган. Ошол эле мезгилде Американын Улуттук аэронавтика жана космос агенттиги (НАСА) Марска учуу долбооруна 671 миллион доллар короткон эле. Индия мындай ийгиликтен кийин спутник жана санариптик байланыш багытында ишмердүүлүк артаарына ишенүүдө. Премьер-министр Нарендра Моди куттуктоо сөзүндө: “Голливуд “Тартылуу” деген тасмага 100 миллион доллар жумшап жатканда, Индия андан аз акчага Марска учту”, - деп кубанганын жашыра албады деп жазат The Diplomat.

Орусия Казакстанды өзү менен кошо чөктүрөбү?

Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндөгү кырдаалды анализдеген EuroasiaNet басылмасынын жаңы санында журналист Жоанна Лиллистин “Санкцияларга тушуккан Орусия Казакстанды өзү менен кошо ылдый тартуудабы?” деген аналитикалык макаласы жарык көрдү. “Орусиянын экономикасы Европанын санкциялары жана Украина кризисинен улам барган сайын артка кетүүдө. Кремлдин геосаясаттагы агрессивдүү саясаты Астана экономикасына көп кыйынчылык алып келеби? Үч айдан кийин Кыргызстан Бажы биримдигине кирип, Евразия экономикалык союзу түзүлөт. Нурсултан Назарбаев баштаган бийлик өкүлдөрү Бажы биримдиги өлкө казынасына жылына 2,7 триллион доллар киреше алып келет деп мактап жатышкан.

Борбор Азияны изилдөө институтунун директору Наргис Касенованын айтымында, Казакстан өз тагдырын ашыкча дымактуу геосаясий максаттары бар Орусияга тапшырып, кооптуу абалда калды. Британиянын Economist журналынын аналитиги Алекс Найс болсо Орусия менен болгон экономикалык союз Казакстан үчүн өтө оор милденттендирмеге окшош дейт”, - деп жазат EuroasiaNet.

Бычакталган өспүрүмдүн кайраты

Британияда 18 жаштагы Брэдли Хэлтон коллеж сынагына катышуу үчүн бара жаткан жеринен уюшкан кылмышкерлердин соккусуна кабылып, төрт ирээт бычакталган. Ал алган жаратын салфетка менен таңып алып, сынакка барып катышып, өлкөдөгү эң тырышчаак студент наамына татыды деп жазат Лондондо күн сайын чыккан Evening Standard гезити. Кансыраган Брэдли коллеждеги сынактан чыгып, эстен тана жаздаганда курбу кызы тез жардам чакырган.