Памирлик кыргыздар жарандык алгысы келет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алып, тарыхый мекенинде биротоло калууну көздөп жатышат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, алардын кайрылман статусу болгондуктан жарандыкты оңой алууга болот. Бирок Тышкы иштер министрлиги памирлик кыргыздар Кыргызстанга билим алуу боюнча гана келишим менен келгенин, жарандык маселесинде ооган бийлиги менен түшүнбөстүк чыгышы мүмкүн экенин эскертти.