Авиньондун жылкылары

Авиньондун борборундагы карусель. Авиньон биринчи кезекте жайкы театр фестивалы менен таанылган, ал эми кышында мында 20 жылдан бери Жылкы-жан жарманкеси өтөт.

Авиньондогу Рим Папасынын чеби. Христиан чиркөөсү католик жана Чыгыш Рим чиркөөлөрү болуп бөлүнгөндөн кийин Рим Папасы XIV кылымда ал кезде Монако падышачылыгына караган Авиньон шаарына келип, ушул чепти курдурган.

Рим Папасынын чебиндеги фреска, Авиньон, Франция.

Рим Папасынын чебиндеги сандык, Авиньон, Франция.

Айтылуу Авиньон көпүрөсү. Сол тарабы суунун ортосуна чейин гана бар. Европадагы эң эски көпүрө деп саналат, бирок "жарым жандуу" болгондуктан, бул атак Прагадагы Карлов көпүрөсүнө тийген.

Авиньон Франциянын экономикасына ири киреше алып келген лаванда гүлүнө негизделген өнөр-жайдын чордону болуп саналат.

Авиньон жайгашкан аймактагы лаванда, күн карама өскөн талаалардын кооздугуна шыктанып, ушул жердеги психологиялык ооруканада Ван Гог көптөгөн эмгектерин жараткан. Анын чыгармачылыгы көзү барында бааланбай, бир гана сүрөтүн сата алган.

Авиньон жайгашкан Прованс аймагындагы дөбөдөгү Бо айылы, кезегинде турмуш кайнаган бул жерде бүгүн болгону 20 киши жашайт.

Бо айылын атактуу актер Жан Рено үйлөнүү тоюна ижарага алып, айылдын 20 кишисин кошо коноктогон. Мында көптөгөн туристтик дүкөндөр, Ван Гогдун мультимедиа көргөзмөсү, кооз чиркөө бар.

Прованста Рим бийлиги тушунда курулган көпүрө. Кул аз болуп, курулушту рим аскерлери өздөрү бүтүрүшкөн. Аймакта Рим империясынын мезгилинен калган көп тарыхый эстеликтер бар.

Марсель шаарынын учактан көрүнүшү. Авиньонго чет элдиктер көбүнесе чоң аба бекети бар Марсел шаары аркылуу барышат.