Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: Уинстон Черчил

Сэр Уинстон Леонард Спенсер Черчил. Кыска аты Уинстон Черчил. ХХ жүз жылдыктагы эң атактуу саясатчылардын бири.
Англиянын эки жолку премьер-министри. Саясий ишмердиги эмес, жазуучулук чеберчилиги үчүн ыйгарылган Нобел сыйлыгынын ээси. Батыш геосаясатынын негизги архитекторлорунун бири.

Улуу Ата мекендик согуш убагындагы Иосиф Сталиндин бирден-бир союздаштарынын бири. СССРдин досу да, касы да. Таанымал аристократ, атасы бүт Англияга таанымал лорд Рандолф Черчил, чоң атасы андан да атактуу граф Мальборо, энеси ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан айтылуу сулуу Женни Жером.

Солдон оңго карай: Сталин, Черчил, Трумен, 2-август, 1945-жыл

Айтор, Черчил дегенде өткөн кылымдын легендаларынын бирин, Британия империясын, бул адамдын бүт дүйнөгө белгилүү сөөлөтүн, кыймыл-аракеттерин, комдонгон арстандай айбаттуу түрүн, галстук ордуна тагынган “барчын” байламтасын, “victory” деген сөздүн баш тамгасын—V—элестеткен манжа ишааратын элестетебиз.

Чынында да Черчилсиз дүйнөлүк экинчи согушту, согуштан кийинки Англияны, жалпы эле Европаны элестетүүгө эч бир мүмкүн эмес. Дал ушул Черчил учурунда аскерий жактан күчтүү болуп кеткен фашисттик Германиядан өз мекенин коргоп, ал гана эмес антигитлердик коалиция түзүп, жаман көргөнүнө карабай СССР менен, анын жетекчиси Иосиф Сталин менен тыгыз тил табышкан. АКШ менен союздаш болуп, фашисттик Германия жана Италияны, ошондой эле милитаристтик Жапонияны талкалаганга чоң салым кошкон мыкты стратег болгон.

...Бирок башынан нечендеген сыноолорду кечирген Уинстон Черчилдин турмушундагы эң эле татаал күн, жеке эле анын керт башы эмес, Англиянын тагдыры кыл үстүндө турган учур 1940-жылдын 10-майына туш келген экен.

Солдон оңго карай: Иосиф Сталин, Франклин Рузвелт, Уинстон Черчил, 1943-жыл

Бул чечүүчү мүнөт Британ энциклопедиясында мындайча сүрөттөлөт: Германия менен согуш баары бир башталаарын билген Британ парламенти премьер-министр Чемберленди кызматтан кетирип, ордуна татыктуу киши издейт. Ары кетип, бери кетип отуруп, парламенттеги көпчүлүк аскерий тажрыйбасы бар, Биринчи дүйнөлүк согушка толугу менен катышкан, ар дайым Гитлерге каршы позициясы менен коомчулукка жакшы белгилүү Уинстон Черчилди өкмөт башчысына көтөрүүгө макул болот.

Ошентип трибунада жаңы премьер-министр Уинстон Черчил. Британ парламентинин залы чымын учса угула тургандай жымжырт. Баарынын күткөнү - жаңы эле өкмөт башчысы болуп бекиген Черчилдин чечүүчү сөзү, тактикасы жана стратегиясы...

Ошондо Уинстон Черчил парламентке эле эмес, бүткүл Англияга кайрылып, сөзүн мындайча баштады: “Мен бүгүн силерге кан, тынымсыз эмгек, көз жаш жана көнөктөп аккан терден башка эч нерсе убада кыла албайм. Биз эми акыр аягына чейин барабыз. Францияда салгылашабыз, деңиз болсо деңиз, океан болсо океанда кырчылдашабыз; акыры жеңебиз деген ишеним менен жерде да, асманда да Британияны коргойбуз; ал үчүн баарына кайыл болобуз, эмнебиз болсо, ошонун баарын беребиз, бирок душманды сөзсүз жеңебиз”, деп бүтүрдү сөзүн Черчил. Эң акырында “бизге жеңиш гана керек” деп айтып, “victory” (жеңиш) деген атактуу сөздү төрт жолу кайталады.

Уинстон Черчил, Франклин Рузвелт, Иосиф Сталин, Ялта саммити, 1945-жыл, февраль

Айткандай эле, дипломатиялык тажрыйбасын пайдаланып, АКШ, Советтер Союзу менен келишим түзүп, акырында согушка чейин Германиядан аскерий жактан алда канча кубатсыз Англияны Черчил дүйнөдөгү төрт жеңүүчү мамлекеттин бирине айлантып, Рузвельт жана Сталин менен катар баскан лидерликке жетип, акыр аягында Германияны эки мамлекетке бөлгөн, Европанын тагдырын чогуу чечкен ишмер деген наамга татыган.

Бирок, Черчил өзү моюнга алгандай, демократияны жарыялаш оңой, бирок ага чыдаш кыйын нерсе. Дал согуш бүтөөргө аз калганда, башкача айтканда 1945-жылдын апрелинде парламентке шайлоо болуп, өз артыкчылыгына өтө ишенип алган Черчил утулуп калган. Шайлоочулардын кулагына жаккан сөздү эмес, ачуу чындыкты бетке айтып көнгөн консерватор Черчил лейбористтерге уттуруп ийген.

Ошентип алты жыл бийликтен четтеп, оппозицияда жүрүүгө мажбур болгон. Бирок алты жыл тынбай китеп жазып, алты томдон турган “Дүйнөлүк экинчи согуштун тарыхы” деген зор эмгекти жазып бүтүргөн. Ал эмгеги үчүн Нобел сыйлыгын алган. Алты жылдан кийин кайрадан анын партиясы жеңишке жетип, Черчил экинчи жолу премьерликке көтөрүлгөн. Бирок жашы улгайып, бир нече жолу инфаркттан улам мурункудай ургаалдуу иштей албай калган Черчил акырында өз эрки менен кызматтан кеткен.

Иосиф Броз Тито, Уинстон Черчил, Энтони Эден, Лондон, 1950-жыл

Черчилдин эң акыркы маанилүү стратегиясы - Америка менен Англиянын өз ара өзгөчө тыгыз байланышын түзүү, Европа биримдигин түзүүгө умтулуу сыяктуу маанилүү саясий приоритеттерди айтууга болот.

Черчилдин 1946-жылдагы Фултондогу сүйлөгөн сөзү акыр аягы дүйнөнүн геосаясий картасын кайра өзгөртүүгө чоң себепкер болгон десек эч бир жаңылбайбыз. Ал процесстер “кансыз согуштун” күчөшүнө, Батыш менен Чыгыштын ортосундагы катуу тирешүүгө жана акыр аягында СССРдин мамлекет катары талкаланышына алып келди.

Черчил согуш убагында Иосиф Сталин менен мамилеси абдан жакшы болуп, ага абдан зор баа бергени жакшы белгилүү. “Сталин Орусияны соко менен кабыл алып, атом бомбасы менен калтырып кетти”, деп айткан Черчил болгон. Ал эми Ленин тууралуу мындай деп айткан бир сөзүн эскерте кетүү ашык болбос: “Орусиянын биринчи трагедиясы - Лениндин туулушу болсо, экинчи трагедиясы - анын мезгилсиз каза болушу. Алып келип, таштап койгон сормо саздан элди Ленин гана сүйрөп чыгып кетмек”, деген экен Уинстон Черчил.

Ошону менен бирге Уинстон Черчил Улуу Британиянын империялык статусунан айрылган учурун, улам кичирейгенден кичирейген абалын да өз көзү менен көрдү. Англиядан Индия бөлүнүп кетти, андан соң башка колониялар биринин артынан бири эгемендик алды.

Уинстон Черчил өмүрүнүн соңку жылдарын өтө зор урмат-сыйга бөлөнгөн абалда жашады. Королева Елизавета ага барон деген наамды ыйгарып, толук аты Сэр Уинстон Леонард Спенсер Черчил болду. АКШнын конгресси атайын чечим менен ага Американын ардактуу атуулу деген наамды тартуулады.

Бешиктеги баланын ким болоорун ким билет дегендей 1874-жылы төрөлүп, төрөлгөндө да ара төрөлүп, бирок атасы бүт Англияга аттын кашкасындай таанымал лорд Рандолф Черчил, чоң атасы андан да атактуу граф Мальборо, энеси ак сөөктөрдүн тукумунан чыккан айтылуу сулуу Женни Жеромден туулган Уинстон укмуштуудай узун жана татаал жолду басып, акыры ХХ кылымдын улуу инсандарынын бирине айланды.

Өмүрүнүн акыркы жылдарында Черчил сыртка көп чыга албай, бирок анын жашаган жерин көргүсү келген адамдарга терезеден акырын кол булгап, кээде көзүнөн мөлтүлдөп жаш акчу дешет.

Картайса да эч качан оозунан Куба сигарасы, мойнунан айтылуу “барчын” байламтасы түшпөй, комдонгон арстан сыяктанган кебетеси менен Черчил 1965-жылы 24-январда Лондондогу үйүндө 91 жашында каза болду.

Сөөгү Лондондогу Вестминистерге эмес, атактуу аристократ бабалары, легендарлуу Мальборолордун табыты жайгашкан Оксфордширге коюлду. Бул сэр Уинстон Черчилдин эң акыркы керээзи эле.