Шекспирдин Европасы - to be or not to be?

Дүйнө басма сөзүнө сереп (7-12 май.)
Уильям Шекспирдин атактуу “Гамлет” трагедиясында даниялык принц Гамлет ары кетип, бери кетип, акыры айла-амалы түгөнгөндө: To be or not to be? That’s a question… деп өзүнө өзү суроо салган экен. Башкача айтканда: “Төрт амал минтип түгөндү, эми кандай кылчубуз?” деген экен принц Гамлет король атасы а дүйнө салып, канайым апасы болсо атасынын элдешкис душманына баш байлап кеткенде.

Анын сыңары, бир шериктештикке кирип, бир түрдүү акчаны - еврону жүгүртүп, эми шериктештикти дагы кеңейтели деп турган Европа ушул күндөрү чынында да төрт амалы түгөнүп, принц Гамлеттин атактуу репликасын сыртынан болбосо да, ичинен кан өтүп кайталап турган кези.

Европадагы негизги проблема - дээрлик банкрот болгон Греция. Жүз миллиарддан ашуун евро кредит берилсе да, карызы чачтан көп Греция этегин тартса, жону көрүнүп, ушу азыр улам ылдыйлагандын үстүндө. Бул мамлекет жакында парламентке шайлоо өткөрүп, бирок добуш алган партиялар өкмөт түзгөнгө ымалалары келишпей, азыр гректер оңдоп шайлоо жасайбызбы деп айлалары кетип турган кези. Анын үстүнө депутаттардын көпчүлүгү Евросоюздан чыгабыз, банктар алган карызды элге төлөтпөйбүз деп кыйкырып жүрүп добуш алышкан.

Экинчи олуттуу проблема - Испания жана Италия сыяктуу чоң мамлекеттер да кудум Грециянын жолу менен кетип баратат. Ички, тышкы карыздары тоодой, элдин турмушу оор. Жумушсуздук күчөп, жергиликтүүлөр күнөөнүн баарын сырттан келген мигранттарга оодарып жаткан кездери. Мигранттарды кантип кетиребиз деп тиш кайрагандар азыркы Европада четтен чыгат. Ѳткөн аптадагы Батыш прессасы да негизинен ушул маселелерди талкуулады.

Лондондон чыккан The Economist журналы Англия коомчулугунда баш-аягын таппай калган Евросоюздан эртерээк чыгып кетиш керек деген ойлор улам көбүрөөк айтылып, ал үчүн керек болсо референдум өткөрүш керек деген чакырыктар ташталып жатканын жазып чыкты. Ырас, Америкада абал аздыр-көптүр жаман эместей.

Бирок Fortune журналынын акыркы номурунда америкалыктардын да баш териси азыр таптакыр өзгөрүп, илгеркидей курал-жаракка, аскерий иштерге опол тоодой акчаларды коротуу керек деген саясатчыларга шатыратып кол чапмай дээрлик токтолгон. Fortune жазганына караганда, АКШнын азыркы бюджетинин бир жылдык дефицити 1 триллион долларга жакын. Экономикасынын азыркы акыбалы Европадан албетте дурус, бирок эч бир ойдогудай эмес. Ошондуктан Барак Обама кандай болсо да америкалык аскерлерди Ооганстандан алып чыгып кетип, Иракты да эмне болсоң ошо бол деп артка калтырып, жаңы согуштарга колдон келишинче катышпай, эптеп экономиканы оңдоону ойлоодо. Сурамжылоо жүргүзүлгөндө, демократтарын 90 пайызы, республикачылардын 70 пайызы Пентагонго акчаны азыраак берүү керек деп эсептешет, деп жазат Fortune журналы.

Ѳткөн аптадагы дүйнө басылмалары Орусия тууралуу да көп макалаларды басты. Анын себеби да түшүнүктүү - Орусияда бийлик башына Путин үчүнчү жолу келди. Баш мыйзам уруксат бербесе да, орус коомчулугу ач кулактан тынч кулак дегендей, көнүп калган ВВПга добуш беришти. Премьердик ордун болсо өзү өстүрүп, өзү бийликке алып келген Медведевге калтырды.

Ошону менен бирге орус гезиттери: бир мөөнөт президенттик милдетти аткарган Дмитрий Медведев эмне иш кылып, элдин эсинде калды деген суроону коюуда. Жооптор анча деле мактанаарлык эмес. “Коммерсантъ” гезитинин пикиринде, Медведев - ошол эле Путиндин бир копиясы. Бирок алсызыраак, чабалыраак копиясы. Айырмасы - Путин орус олигархтары менен тыгыз байланыштуу, Медведевде андай байланыштар жокко эсе.

Бирок Индонезиядагы жапжаңы орус самолетунун тоого урунуп талкаланганы, болгондо да дал 9-майда, Жеңиш күнүн майрамдап жаткан күнү талкаланганы - канткен менен терс маанилүү жөрөлгө болуп калганын моюнга алуу керек.
Newsweek журналы постсовет доорундагы орустар чыгарган эң биринчи жүргүнчү учагы Орусия менен Италиянын биргелешкен ишканасынан чыгарылганын эске салды. Негизги жабдыктардын 70 пайызы чет элдик жабдыктар экен, учак атактуу “Сухой” истребитель заводунун базасында жыйналган. Бирок адистердин пикирине караганда, учактын негизги техникалык параметрлери жалпысынан анча деле мактанаарлык эмес болуп чыкты.

Ошого карабастан орустар учакты Superjet (б.а. реактивдүү супер учак, суперсамолет) деп атап жиберди. Ошол эле Newsweek эң биринчи орус жүргүнчү учагы жакшы ниет менен Казакстан, Пакистан, Лаос, Вьетнам, Мьянма, андан соң Индонезияга көрсөтмө үчүн учуп барып, бирок минтип каргашага учураганы Superjet проектиси кыйын акыбалга калаарын болжол кылууда. Деле дүйнөлүк учак маркетинде орустардын позициясы абдан эле тескери имиджге ээ. Буга айрыкча Польшанын эң жогорку жетекчилиги, генералдары, көрүнүктүү саясатчылары учуп келаткан орус учагынын Смоленскиде кулап түшүп, бүт Польша аза тутуп, муун-жүүнү титирегени али эстен чыга элек, деп жазат Newsweek.

Эми Коммерсантъ-дейли гезитинин дагы бир макаласына көңүл буралы. Азыр Орусиянын борбору Москва шаары ушунчалык кымбат шаар болуп, эл аябагандай көбөйүп, көчөлөрүндөгү машина тыгыны шаарлыктарды нечен азапка салып атканын ар бир адам билет. Ошодон улам кийинки убакта Орусиянын борборун башка жакка которуу керекпи деген суроо улам-улам козголууда. Аталган гезитте Аркадий Масленников деген белгилүү экономист “Орусиянын борборуна кайсы шаар ылайыктуу?” деген макала менен чыгып, борбор үчүн эң эле ылайыктуу шаар Уральск болмок деген ойду айтат. Ага чейин ушул эле ойду белгилүү академиктер Н. Шмелев, В. Федоров да козгоп, Москванын транспорт инфраструктурасын чечүү - принцибинде мүмкүн эмес экенин, ал проблемалар жыл сайын өсө бере турганын, андан көрө Орусиянын башка региондоруна да өсүү шансын берип, борборду башка жакка которуу маселесин олуттуу маселе катары кароо керек экендигин айтышкан.

Акырында кошуна Казакстандагы айрым гезиттер туурасында да эки ооз айта кетели. Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин Астанага расмий сапарын казак гезиттери абдан жакшы маанай менен чагылдырды. Атап айтканда, “Казахстанская правда” гезити Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстанды “эң маанилүү стратегиялык шериктеш жана эң жакын союздаш” деп атаганын баса белгилеп, Астанада Чынгыз Айтматов көчөсү, ал эми Бишкекте Чокан Валиханов көчөсү пайда болоорун, ошентип эки бир тууган республикалардын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлге чыгаарын белгиледи.