Бийлегени үчүн урулган балак

Ирандык студенттер

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (22-30-май)

"Иранда жаштар бийлеп же майрамдык көңүл ачуунун алдында сөзсүз түрдө эшикти ичинен бекитип алып, баарынан жашырынып, эч кимге жигин билдиришпейт. Кечеден кийин кыздар жоолугун кайра салынып, акырын тарап кетишет" деп жазат Washington Post гезитинин журналисти Брайан Морфи. Бирок бул ирет бүтүрүү кечесин уюштурган отуздай студент полициянын колуна түшүп калышты. Алар бийлеп жаткан жерден кармалышып, ар бирине 99 жолудан балак урулган. Аталган окуя Казвин шаарында болду. Буга чейин Швецияда сапарда жүргөн кезинде аялдар менен кол алышып койгону үчүн эле ирандык эки акынга да Тегеранга кайтып барганда балак урулган эле. Ирандын мындай катаал саясаты ондогон жылдардан бери уланууда. Реформачылар 2013-жылы Хасан Роухани бийликке келгенде темирдей тартип кичине жибийби деп үмүт этишкен. Бирок «Басиж» деп аталган «моралдык» полициялардын ишмердиги ого бетер күчөгөнүн баяндайт Washington Post басылмасы.

Назарбаевдин күйөө баласы британ монархынын үйүн сатып алган

Daily Mail гезити Британиянын ханзаадасы Эндрюнун Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев менен ири акчалай байланышын тастыктаган электрондук бир нече катты чыгарды. Британ монархынын уулу Винздор сарайына жакын жердеги Саннинхил Парк аттуу 15 миллион фунт стерлинг турган үйүн үч миллион фунтка арзандатып Назарбаевдин күйөө баласына сатып ийген келишим каттар элге жарыяланды. Ошондой эле Грециядагы убактылуу фирма аркылуу Астанадан Швейцариядагы офшордук эсептерге үч миллиондон ашуун фунт стерлингди которууга да ханзаада Эндрю көмөктөшкөнү айгинеленди деп жазат The Telegraph. Мындай маалыматтардын жарыялануусу Казакстандагы олку-солку кырдаалга туш келиши да өтө маанилүү деп жазат The Diplomat журналы.

Букингем сарайынын мурдагы советтик төбөлдөр менен катышы муну менен эле бүтүп калбай, BuzzFeedNews агенттиги Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Эндрю ханзааданын ымаласы жакын болгондон улам Ханыша Елизаветанын 90 жылдык мааракесине азерилер да чоң кошумча кошконун маалымдады.

Обаманын Хиросимага сапары

Wall Street Journal басылмасы «Америка кошмо штаттары азыр атомдук бомба жардыра алаар беле?» деген тема менен макала чыгарып, ал узаган аптада эң көп талкууланды. АКШ президенттеринин ичинен Барак Обама биринчи болуп Хиросимага расмий иш сапар менен барганы кызуу талкууга себеп болду. «Кокус кырдаал курчуп кетсе АКШ кайрадан атомдук бомбаны таштай алабы? Өз алдынча жүргүзүлгөн коомдук сурамжылоодо америкалыктардын айрымдары бомбага каршы эместиги маалым болду. Хиросима менен Нагасакини бомбаланганда да АКШ элинин 53 пайызы президент Гарри Труманды колдогон. Ал эми 2015-жылы 840 америкалыкты сурамжылаганда алардын 26 пайызы гана "макул" экендиктерин билдирген», - деп жазат Wall Street Journal.

Жылмаюну уят көргөн улуттар

The Atlantic журналы жылмайып жүргөндү уят же коомго жат көрүнүш катары кабылдаган маданияттарды иликтеп көрдү. Алардын башында орустар турары маалым болду. Орусияда көчөдө бейтааныш кишиге жылмаюну туура эмес кабылдашат. Бирок муну менен орустарды бактысыз деп айтууга болбойт. Маселен, АКШга көчүп кеткен орустар менен америкалыктардын сүрөттөрүн салыштырганда, алардын ичинен эң көп жылмайып түшкөнү америкалыктар болгон. Окумуштуулар мындай маданият климаттык шарттарга жараша болушу мүмкүн деп божомолдошууда. Анткени Орусияда аба ырайы салкын жана кыш суук болот. Көп жылмайгандардын басымдуусу климаты жылуу өлкөлөрдө экени аныкталды. Германия, Швейцария, Кытай жана Малайзияда жылмаюу адамдын акылдуулугунун күзгүсү катары кабылданса, Жапония, Индия, Иран, Түштүк Корея жана Орусияда, тескерисинче "акылсыздар" ырсаят деген түшүнүк күчтүү. Аргентина жана Мальдив аралдарында көп жылмайган кишини олуттуу кабылдашпайт. Изилдөө аталган өлкөлөрдүн көчөлөрүндө, ал эми Орусияда болсо, Санкт Петербургдун метросунда жүргүзүлгөн.