Аз пенсия көп жашатпайт

Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (8-15-апрель).

Австрияда чыккан "Der Standard" гезити пенсиясы аз адамдардын өмүрү кыска болорун жазды. Макс Планк демографиялык институту жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, 65 жашынан кийин көп суммадагы пенсия алгандардын өмүрү орточо дагы 19 жылга узарары белгилүү болгон. Ал эми аз акча алгандар 80 жашка чыкпай эле каза табышкан. Ушундан улам окумуштуулар жакырчылык адамды оорулуу кылып, эрте өлтүрөрүн белгилешет.

Акыркы 20 жылдын ичинде байлар менен жакырлардын орточо өмүр узундугундагы айырма 20 жылга чукулдады. Социалдык жана каржылык тепкичтин төмөнкү катмарындагылардын жашоосу өтө жай ыргакта узарууда. Ал эми кирешеси көптөрдүн жашоосу 1997-жылга салыштырмалуу 2016-жылы 1,8 жылга чейин узарган.

Изилдөө Германиянын бардык аймактарында жүргүзүлгөн. Өлкөнүн чыгыш тарабындагы кирешеси төмөн эркек пенсионерлердин саны акыркы жыйырма жылда эки эсе көбөйүп, алардын өмүрү өтө жай узарып баратканы аныкталды.

Ал эми Германиянын батышындагы бай пенсионерлердин жашоосу соңку 20 жылда төрт жылга узарса, акчасы аздардыкы андан эки эсе аз узарган. Кырдаалды иликтөө үчүн немис окумуштуулары Германиянын пенсиялык камсыздандыруу фондунун маалыматтарын колдонушкан.

ЕАЭБге таянган Орусия

Швейцарияда чыккан "Neue Zürcher Zeitung" басылмасында Чыгыш Европаны изилдөө боюнча Цюрихтеги жогорку мектептин окумуштуусу Иероним Перович Орусиянын азыркы геосаясий абалына кайрылган.

"2015-жылы негизделген Евразия Экономикалык Биримдигинде Орусиянын экономикалык кызыкчылыгы өтө эле аз. Себеби биримдиктин (ЕАЭБ) ичиндеги башка өлкөлөр менен товар алмашуунун көлөмү болгону 6% гана түзөт. Бирок аймактагы союздаштарынын көмөгү менен Орусия эл аралык аброюн көтөргүсү келет.

Постсоветтик чөлкөмдөгү таасирин жоготпой, Орусия аймакты башка ири күчтөрдөн коруган "сакчылык" ролду аткарууда. Кремлдин жазалоочу күчүнөн кооптонгон союздаштары андан чыгып кете албай убара болууда. Мисалы, Беларус Москва арзан баадагы товар бербесе, биримдиктен баш тартарын айтып опузалап келет. Ал эми Казакстан менен Армения биримдикке мүчө болгонуна карабай, Евробиримдик жана Кытай менен экономикалык кызматташтык жаатында эки тараптуу келишимдерди түзүүдө.

Экономикалык жактан толук эркиндикке жетпесе да, акыркы мезгилде ЕАЭБдин соода индикаторлору жогору чыгып, мурдагы советтик республикалар аймагы бул биримдикти жылуу кабыл алууда. Келечекте Кытай менен эркин соода келишими түзүлсө, Москва үчүн чоң саясий утуш болот. Мындай шартта Бээжин Орусиянын аймактагы күч-кубатын расмий тааныйт. ЕАЭБди Европа азырынча Орусиянын геосаясий долбоору катары көргөнү менен Азияга Европа ири соода өнөктөш катары кызыгып келет", - деп жазды Перович.

Кыргыз-казак чек ара көйгөйү

"The Diplomat" аналитикалык басылмасы кыргыз-казак чек арасындагы учугу үзүлбөгөн көйгөйдүн себеби катары Кыргызстандан ЕАЭБдин аймагына аткезчилик жолу менен ташылган Кытайдын товарларын атады.

"Ак Тилек" өткөрмө бекети

Талдоочу Кэтрин Пуз Евразия Экономикалык Биримдиги 2015-жылдан бери чек ара көйгөйү тынымсыз чыгып жатканына назар салат.

"Аймактагы аткезчилик оор проблема бойдон калууда. Кыргызстан буга чейин Кытайдын товарларын коңшу өлкөлөргө реэкспорттоо боюнча аймактагы лидер эле. 2010-жылы реэкспорттон түшкөн пайда жалпы ички дүң өнүмдүн 13 пайызын түзгөн. Бирок ЕАЭБге киргенден кийин реэкспорт аткезчилик катары бааланып, кыргыз-казак чек арасында бир нече ирет оор кырдаал түзүлдү", - деп жазды автор.

Талдоочу 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдындагы чек аранын жабылуусуна, кийин Жогорку Кеңештин депутаты баш болгон 29 кишиден турган аткезчилер тобунун кармалышына да кеңири токтолгон.

Ал арада жүздөгөн жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай турганын казак тарап кытайлык товарлардын ЕАЭБдин аймагына аткезчилиги, чириген айыл чарба азыктарынын фитосанитардык нормаларга дал келбегенин жүйө келтирсе, кыргыз тарап Казакстан Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарын одоно бузуп жатканын айтканы менен аталган уюмга расмий арызданган жок. "Проблема азырынча убактылуу чечилгени менен, ал толук жөнгө салынган жок", - деген оюн жазды Кэтрин Пуз.

Миграцияга карабай Жапониянын калкы азаюуда

"Financial Times" гезити Жапонияда калктын саны өтө тездик менен азайып жатканын жазды. 2018-жылы жергиликтүү элдин саны 1 миллион адамга кыскарган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкөгө чет жактан 161 миң мигрант келсе да, азайып бараткан калктын санына таасир эте албай жатышат.

Жапония эли өтө тездик менен азайып бараткан өлкөлөрдүн ичинен дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Ушундан улам учурда Жапониядагы ири компаниялар "адегенде жергиликтүү элге иш берүү керек" деген улуттук кызыкчылыкты токтотуп, миграцияга үмүт арта баштады.

Профессор Акихико Матцутанинин айтымында, жапондордун азаюусуна табигый өлүмдөр, элдин картаюусу жана төрөттүн азайышы себеп болууда. Жапониянын айыл жерлеринде эл өзгөчө азайып, картайып кетти. Окумуштуулар 2030-жылга чейин мындай көрүнүш улана берерин билдиришти.

Улуттук Калк жана социалдык коопсуздукту иликтөөчү институт Жапония мындан ары жылына 900 миң адамын жоготуп турат деп божомолдойт. Бул Шотландиянын Глазго, Техастын Остин шаарларынын элине барабар көрсөткүч.

2018-жылы 944 146 ымыркай төрөлсө, өлгөндөр 1 368 632 болгон. Учурда өлкөдө 2 миллиондон ашуун чет элдик мигрант иштеп жатат. Бирок жергиликтүү окумуштуулар чет жактан барган мигранттардын эсебинен калктын саны көбөйбөй турганын эскертип келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.