"Жарандары бийликти тыкыр көзөмөлдөйт". Жапониянын кыргыз коомуна сабагы

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чыгыштагы демократиянын, өнүгүүнүн үлгүсү катары Жапония айтылып келет. Кен байлыгы болбогон, адам ресурсуна маани берип, дүйнө экономикасында 3-орунда турган өлкөнүн ийгилик сыры эмнеде? Жапон демократиясынан Кыргызстан кандай сабак алса болот? Ушул суроолордун тегерегинде "Эркиндик үнү" подкастында чыгыш таануучу, Жапонияда окуп, иштеп келген Сейтек Качкынбай менен маектештик.