Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

Ооганстандын соңку 40 жылдагы тарыхы "кулпуланды"


Ооганстан. "Апийим согушун балдары" деген китептин мукабасы.
Ооганстан. "Апийим согушун балдары" деген китептин мукабасы.

Кырк жылдан бери жаат-жаатка бөлүнүп согушуп жаткан Ооганстанда тарых сабагы орто мектептердин жогорку классттарына кандай окутулуш керек?

Ооган бийликтери бул талуу суроонун жандырмагын тапты шекилдүү: өкүмөткө жогорку класстарга өлкөнүн соңку 30 жылдагы тарыхы окутулбасын деген сунуш киргизилүүдө. Бул сунушту президент Хамид Карзайдын администрациясы бекитет деген ишеним бар.

1979-жылы Ооган жерине советтик аскерлер басып киргенден бери өлкө согуштун кучагында. Андан берки 30 жыл жарандык согуш, орто кылымдык ислам башкаруусун орноткон талиптердин бийлиги, АКШ башындагы эл аралык күчтөрдүн террорчулукка каршы операциясы, үркүн, түрдүү түпкү калктар арасындагы жаатташуу, маң өндүрүүнүн жайылышы сыяктуу алаамат окуялар менен мүнөздөлөт.

Асыресе, бийликтин алмашуусу идеологияны да өзгөртүп турду. 1980-жылдардагы советтик оккупация кезинде борбордук өкмөт чыгарган окуу китептери коммунизмди ташбыйкаттаса, АКШ каржылаган китептер Советтер Союзу жана коммунизмге каршы күрөшкө үндөдү. Талиптер тушунда окуу китептери жихаддын идеясын жайылтты.

Окуу китебине береги карама-каршылыктуу жылдар киргизилбесе, жаш муунда ооган эли бирдиктүү улут деген түшүнүк калыптантат деп ишенишет Билим берүү министрлигинде. Министрдин найыбы Мухаммед Азеф Нангдын айтымында:


- Тарых жаш муунду талкалалаш керек эмес, калыптандыруусу жана дарылоосу керек. Тарых чындыкты чагылдырып, өлкөнү урматоого тийиш. Тарыхтын эски жоолошууларды козуткан, улуттук биримдикти быркыраткан бөлүгү китепке киргизилбеши абзел. Жек көрүүчүлүккө толгон барактардан көрө актай барактардын болгону жакшы.

Билим берүү министрлигинин бул сунушу өкмөттөн колдоо тапты. Себеби мурдагы өзбек командири, азыр Куралдуу күчтөрдүн штабынын акими Абдул Рашид Достум же Түндүк Альянсынын жана тажиктердин мурдагы көсөмү Бурхануддин Рабанинин ысмы китепке жазылса, бир класстын балдарын тарапма-тарап кылып, ырк кетет дешет чиновниктер.

Коомдо жаңы китептин каршылары да арбын. Сынчылар өкмөттү капсалаңдуу жылдарда кылычын жалаңдатып жүргөн аскер башчылар менен куралдуу топтордун командирлери жасаган кылмышты жаап-жашырмакчы болууда дешет.

Ооган парламентинин мүчөсү Илай Иршад айым эл өткөн тарыхын билип, жаңылыштыктардан сабак алып, аны келечекте кайталабаш керек деген пикирде:

- Билим берүү министрлиги тарых жөнүндө мындай тайыз ойлонбош керек. Тарыхый булактар болгон окуяларга жана чындыкка негизделиши шарт. Тарыхты билсек, эртең болчу иштерди көзөмөлдөй алабыз. Бүгүн кечээки күндүн туундусу экенин, бүгүн эртеңки күн жасаларын билебиз.
Тарых жаш муунду талкалалаш керек эмес, калыптандыруусу жана дарылоосу керек.

Иршад айымдын оюнча, ооган жаштары өз тарыхын билгенге жана татыксызын унутканга акылуу.

- Биздин балдарыбыз жана жаштарыбыз мурда эмне болгонун толук билиш керек. Билим берүү министрлиги адамдарга тарыхты ылгап берип, анын каргашалуу окуяларын жашырбоого тийиш. Кудайга шүгүр, маалымат каражаттарынан жана тарыхый китептерден элибиз өз тарыхын биле алат.

Билим берүү министрлигинин Ооганстандын акыркы 40 жылдык тарыхын окутпоо мүдөөсүнө кээ бир мугалимдер да нааразы. Өзүн Абдулла деп гана тааныштырган мугалимдин “Эркин Ооганстан” радиосуна айтканы боюнча, жаш муун өлкөнүн чыныгы тарыхын окуп, аң сезими калыптаныш керек.

- Өткөндө эмне болгонун даректеп, документке түшүргөн оңдуу иш. Болочок муун тарыхты окуганда ким өлкөгө кызмат кылып, ким мекенин кыйратканын жана ким өз элин сатканын билет.

Азыр ошентип Ооганстандын Билим берүү министрлигинин кызматкерлери жогорку класстардын окуучуларын, ата-энелерди жана мугалимдерди жаңы тарых китебин окутканга көндүргөнгө аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG