Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:04

Кадыралиевдин иши боюнча сот өкүмү чыкты


"Азаттыктын" архивинен: Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө, 14-апрель, 2009

"Азаттыктын" архивинен: Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө, 14-апрель, 2009

Жогорку Кеңештин депутаты маркум Санжар Кадыралиевди аткан фактынын бетин ачып, айыпкерлерди жазага тартуу боюнча соттук териштирүүлөргө төрт жылга аяк басты.

Жакында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту адам өлтүрүүнү аткарган деп табылган Алтын Итибаевди өмүр бою эркинен ажыратып, ошол эле кезде мына ушул тергөө эпизоду боюнча кылмышты уюштуруучу деп саналган Мурас Маташовду актады.

Жабырлануучу тарап бул ишке чоң күчтөр кийлигишип, кылмышты уюштуруучу акталып, аталган иштин акыйкат жагдайлары аныкталбай калды деп нааразы. Сот өкүмүнүн акыйкаттыгына айыпталуучу тарап да макул эмес.

Бири акталып, экинчиси жаза алды

Маркум депутат Санжар Кадыралиевди 2009-жылы 14-апрелде Бишкектеги үйүнүн алдынан атып өлтүрүүгө шектүү деп кармалган Алтынбек Итибаевди өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарган сот ошол эле кезде тергөө органы кылмышты уюштуруучу катары айыптаган ишкер Мурас Маташов актады.

Тергөө материалдарына ылайык, бир эле кылмыш эпизоду боюнча, бири аткаруучу, экинчиси уюштуруучу катары шектелген эки адамга эки башкача сот өкүмү чыкканы жабырлануучу тарапты таң калтырды.

Санжар Кадыралиевди акыркы сапарга узатышууда, 16-апрель, 2009-жыл

Санжар Кадыралиевди акыркы сапарга узатышууда, 16-апрель, 2009-жыл

Тергөөдө кылмыштын негизги мотиви Кадыралиев менен Маташовдун ортосундагы ишкер кызыкчылыктан келип чыккан келишпөөчүлүк катары сыпатталган. Анда кылмышты аткаруучу катары өмүр бою эркинен ажыратылган Алтынбек Итибаев кимдин буйрутмасын аткарган деген суроого сот өкүмүнүн баяндамасында жооп болгон эмес.

Маркум Санжар Кадыралиевдин карындашы Ыргал Кадыралиева сот өкүмүндөгү мындай калпыстык жабырлануучу тарапты атайын жайгаруу үчүн гана жасалды божомолдойт:

- Менин агамды аткан Алтынбек Итибаев сот тарабынан өзүнө тиешелүү жазасын алды. Бирок ошол эле кезде мына ошол өлтүрүүнү уюштуруп, окуяга чейин машинени сатып алып берип даярдаган жана киллерди курал менен камсыздаган Маташовду актап жиберишин атайын жасалган амалкөй аракет катары баалайм. Анткени анын аткаруучу менен болгон кылмыштуу байланышын тастыктаган жагдайлар тергөөдө аныкталган болчу. Соттун улам-улам жараянды созуп отуруп, аягында мына ушундай өкүм чыгарышына кандайдыр бир күчтөрдүн таасири себеп болду окшойт. Буга жогорку кызматты ээлеген айрым адамдардын кийлигишүүсү да себеп болду. Ошондуктан азыр жабырлануучу тарап эле эмес, мамлекеттик айыптоочу да өкүмгө макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна даттануу келтиргени турат.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун өкүмүндө судья Алтынбек Итибаев Санжар Кадыраливге ок атууга анын жеке келишпестиги себеп болгонун мисал келтирген. Тергөө ишиндеги кылмышты аткаруучу менен уюштуруучунун ортосун байланыштырган жагдайлар сот өкүмүндө эмне себептен эске алынбай калганы боюнча судья Чыңгыз Адамкулов комментарий берүүдөн баш тартты:

- Чогулган материалдардын негизинде сот ошондой чечимге келди да. Азыр мен толук айта айтып бере албайм. Анткени азыр колумда ал материалдар жок.

Таасир талаш, дүйнө талаш, так талаш...

Тергөө материалдарында Санжар Кадыралиевдин өлүмүн уюштурган деп шектелген Мурас Маташовго 2009-жылы издөө жарыяланган болчу. Ал бирок 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Кыргызстанга кайтып келип, тергөөгө өз эрки менен сурак берүү үчүн барып, камакка алынган. Ал өзүнүн түшүнүк катында Санжар Кадыралиев менен жакшы мамиледе болгонун жазып, анын өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин белгилеген.

Санжар Кадыралиев

Санжар Кадыралиев

Тергөө материалдары боюнча Санжар Кадыралиев менен Мурас Маташев бир кезде Бишкектеги “Дордой” базарынан Казакстанга жүк ташуу ишкердигин биргеликте колго алышкан. Кийин өнөктөштөр ортосунда келишпестик чыгып, тергөөнүн версиясы боюнча ал эки тараптын өз ара тирешүүсүнө чейин өсүп жеткен. Бирок айыпкер тараптын жактоочулары Санжар Кадыралиевдин өлүмүн эки тарапты тең бир убакта четке чыгарууну көздөгөн Жаныш Бакиевге караштуу кылмыштуу топтун аракети деп карашат.

Мурас Маташовдун агасы Назарбек Маташов бул тууралуу мындай дейт:

- “Дордойдогу” жүк ташуу боюнча фирма – менин инимдин бизнеси. Ал ажыга кетип жатканда Санжар бир учурда “сен келгенге чейин иштетип турайын” деген экен. Бул экөө аталган ишкердикти талашпай эле аябай жакшы достордон болушкан. Кадыралиев депутаттыкка койгондо менин иним колдоп чыккан. Болгону менин иним ажыдан келгенден кийин шериктеш балдары Санжардын чогуу иштешүүсүнө макул болбой койушкан экен. Ал жигиттер менин иним менен бирге көп жыл мурун эле “Дордой” базарынын ичинде “Абусафир” деп Казакстандын шаарларына жүк ташый турган карго ачышкан. Анан Жаныш Бакиевдин адамдары ал жерден көп акча түшө турганын билип, көптөн бери кызыгып жүрүшкөн. Анан аталган каргону алыш үчүн бир ок менен эки коён атууга бел байлашкандай. Бир эле учурда Санжардын көзүн тазалап, аны досторунун мойнуна илип койгон. Ошентип алар бир эле учурда эки жактан тең кутулушкан.

Чиеленишкен карама-каршылык

Ички иштер органдарынын оперативдүү маалыматтарына ылайык, “Дордой”, “Кара-Суу” базарларындагы, “Торугарт” жана “Эркечтам” бажы терминалдарындагы жүк ташуу ишкердигин көзөмөлдөө жагы 2005-жылдан баштап ар кайсы топтордун ортосунда улам бир колдон экинчи колго өтүп турган. Маркум депутат Санжар Кадыралиевдин “Эркечтамда” жана “Дордойдо” ишкердик чөйрөсүнүн кеңейиши жергиликтүү кылмыш топторунун кызыкчылыгына шек келтирген.

2009-жылы жазында Санжар Кадыралиев менен Жаныш Бакиевдин ортосундагы мамиленин тымызын бузулушу ага кол салууга кызыкдар кримтоптордун планын тездеткен. Тастыкталбаган маалыматтар боюнча Санжар Кадыралиев 2009-жылы мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун көзүн тазалоо тапшырмасынан баш тартып койгон экен. Санжар Кадыралиев жок кылынгандан кийин өлкөнүн түштүк аймагындагы жүк ташуу ишкердигин көзөмөлдөө кримавторитет Рысбек Акматбаев өлтүрүлгөндөн кийин баш көтөргөн башка бир топтун колуна өткөнүн эске алсак, мында Жаныш Бакиевдин жеке каалоосу менен криминалдык топтордун кызыкчылыгы бир жерден чыкканын байкоого болот.

Мелис Турганбаев

Мелис Турганбаев

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Мелис Турганбаев аталган мезгил аралыгында жасалган жалданма адам өлтүрүүлөрдүн бири-бири менен байланышы бар экенин белгиледи:

- Эми бул кылмыш иши боюнча ошол кезде ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Айбек Абдразаков иштеген да. Анан ал азыр башка кылмыштарга да шектүү катары издөөдө жүрбөйбү. Ал жерде көп суроолор бар. Мүмкүн ал өзү бул жакта болгондо көп нерсенин башы ачылмак. Оперативдик маалыматтарга негизделген бир нече версиялар бар. Негизи мына ошол аралыктагы кылмыш иштеринин бардыгы бири-бири менен бир чынжырда.

Свердлов райондук сотунун өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн айыпкер Алтынбек Итибаевдин жактоочулары Бишкек шаардык сотуна даттанмакчы.
Итибаевдин элеси окуя болгон жердеги видеобайкагычка түшүп калганын жана ал аталган кылмышты өз мойнуна алганын ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев билдирген болчу. Бирок Итибаев 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин ага кылмышты кыйнап мойнуна алдырышканын айтып чыккан.

Анын бир тууган агасы Медер Итибаев сотто шектелүүчүнүн кызыкчылыгындагы далилдер эске алынбаганына токтолду:

- 2009-жылы 14-апрелде түшкү саат үчтө Мурас Маташов, менин иним Алтынбек Итибаев, Вадим деген орус киши, бир Каржы полициясында иштеген Алтын деген жигит ошол кездеги транспорт министринин орун басары, азыр Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиевдин кабылдамасында болушкан. Саат төрттөн кырк мүнөт өткөндө ал жактан чыгышкан. Бул боюнча башка күбөлөр менен бирге эле депутат өзү да сотко келип көрсөтмө берди. Ал эми Санжар Кадыралиевди ошол күнү төрттөн жыйырма өткөндө атып кетишкен. Мындан сырткары сотто жанагы Конгантиев айткан диск ачылбай койду деп көргөзүшкөн жок. Анткени Кадыралиевди аткан учурда ошол жердеги ишканалардын биринин видеобайкагычына узун бойлуу, ак жүздүү киллердин элеси тасмага түшүп калган. Менин инимдин бою жапыз, өңү каратору болуп жатпайбы. Сот мына ушул жагдайларды эске албай койду.

Сотторго собол көп

Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө байланышкан сот ишине жабырлануучу тарап менен бирдей эле айыпталуучу жак да нааразы. Мындай шартта сот тергөөдө бекитилген фактыларды жана жагдайларды канчалык акыйкат териштире алды деген суроо кабыргасынан койулууда. Милициянын генерал-майору Рашид Тагаев жабырлануучу тарап менен айыпкер жактын дооматтарын акыйкат териштирүүдө сот органдары мыйзамга жатпаган факторлорго басым жасап өкүм чыгарган учурлар көп экенин белгиледи:

- Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши качан эле аягына чыгыш керек эле. Арадан канча жыл өттү. Бул жерде соттордун кандайдыр бир факторлорго көз карандылыгы болуп жаткандай. Алардын чыгарган чечимдеринин мыйзамдуулугун карай турган эч ким жок. Ошондуктан соттор өздөрү каалагандай чечим чыгарып жатышат. Буга өлкөдөгү криминал менен бийликтин көптөн бери чырмалышкан абалы таасир этип жатат.

Коомчулукта сотторду акча менен сатып алуудан башка бийлик, криминалдык топтор жана мафиялык түзүлүштөр аркылуу кысым көрсөтүү факторлору күчтүү экени айтылып келатат. Айрыкча жалдап адам өлтүртүү фактыларын соттук териштирүүгө алууда чиеленишкен жагдайлар көп. Анткени кылмыштын изин жашыруу үчүн тиешелүү күбөлөрдү жана далилдерди жок кылып жиберүү жалдап адам өлтүртүүдөгү негизги усул катары айтылып жүрөт. Айыпкер Алтынбек Итибаевди автоунаа менен окуя болгон жерге чейин жеткирген “өнөктөш айдоочу” катары шектелген Раатбек Сейитбеков (лакап аты Сайфи) тергөө абагында табышмактуу жагдайда каза болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG