Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:57

Өткөн жумада Кыргызстандын аймагы менен чектеш, тактала элек жерге Өзбекстандын чек арачыларынын атайын техникалары менен кириши коомчулукту бир топ кооптондуруп койду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин өзбек тарапка расмий нота тапшырышы маселе олуттуу экенинен кабар берди.

Кыргыз-өзбек чек ара тилкелеринин такталып бүтпөгөнүнө эмне себеп болууда? Кошуналардын негизги талаптары кандай? Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилесин кантип жакшыртууга болот?

"Арай көз чарай" талкуусуна мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов жана саясий серепчи Бакыт Жумагулов катышты.

“Азаттык”: Абдырахман мырза, Кыргызстан азаттыгын алган 25 жылдан бери эле кыргыз-өзбек чек араларын тактоо жүрүп келатканы айтылат, маселенин чечилип алга жылганына караганда, чиеленип токтоп турганы көп болууда, анын негизги себептери эмнеден болууда?

Абдырахман Маматалиев: Биринчи себеби, ар бир мамлекет көз каранды эмес болгондон кийин чек араларды демаркация жана делимитация башталганда укуктук ченемдерди так аныктап алыш керек болчу.

Дүйнөлүк тажрыйбада да мамлекеттик чек арасы эгемендүүлүк алган мезгилдеги чеги негизги болуп эсептелет. Биз ошол жол менен кетишибиз керек эле. Акыркы жылдары Тажикстан менен бир топ маселелерибизди алдыга жылдырып алдык. Тилекке каршы, Өзбекстан менен ордунда турат.

Экинчи себеби, макулдашууларга ылайык жаңы эгемендүүлүк алган учурдагы башка мамлекеттердин менчиги болуп келген объекттер бизге өтүш керек болчу. Бул дагы аткарылбай калган. Мындан бир-эки жыл мурда ошол объекттерди өзүбүзгө кайрып алуу боюнча аракеттер башталган. Мен жакында окуп калдым, өкмөттүн өкүлүнүн айтымында, биздин ал аракеттерибиз коңшуларга жакпай жатыптыр.

Дагы бир себеби, эки өлкө ортосунда суу, энергетика маселелери бар. Биздин ал боюнча иштерибиз да коңшуларга жакпай жатышы мүмкүн. Чек ара маселелери боюнча биз тараптан демилгелер, аракеттер көп эле болот. Бирок ордунан жылбай жатпайбы.

Тиешелүү чек ара посттору коюлушу зарыл. Акыркы эки жылда Сохту ачып берүү боюнча маселе козголгон да эмес, аны талкуулаган да эмеспиз.

“Азаттык”: Коомчулукка айтылып келген дагы бир пикир бар. Өзбек тараптын кыргыз тарапка койгон негизги талабы - Сох анклавына коридор ачып берүү болууда. Ошол маселе оң чечилсе кыргыз-өзбек чек арасынын башка талаш жерлерин чечүүнү жеңилдетет деп айтылат. Сиздин пикириңиз кандай?

Абдырахман Маматалиев: Эгер биз ал жерден коридор ачып берсек анда Баткен облусунун жарымынан көбү анклав болуп калат. Ошондуктан бул маселе көтөрүлбөшү керек. Бардык суроолор эл аралык укуктук нормалардын ченеминде гана чечилиши керек. Тиешелүү чек ара посттору коюлушу зарыл. Акыркы эки жылда Сохту ачып берүү боюнча маселе козголгон да эмес, аны талкуулаган да эмеспиз.

“Азаттык”: Токон мырза, чек араларды чечүүдө албетте, мамлекеттер өз кызыкчылыгына бекем турушат, бирок алдыга жылбагандан кийин кайсы бир жолду табыш керек го. Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алсак чек араларды чечүүнүн бир жолу келишүүчүлүк – мунаса б.а. мамлекеттердин бүгүнкү ээлеп турган аймагын таануу менен чечилсе деген пикирлер да айтылып калат. Буга оюңуз кандай?

Токон Мамытов: Акыйкат үчүн айтып коюу керек. Өзбекстан менен чек ара маселесин чечүү боюнча көп иштер жасалып келатат. 1994-жылдан бери ошол кездеги өкмөт жетекчилери, министрлер Мамлекеттик мүлк фонду менен бирдикте Өзбекстанга суу сактагычтар, жолдор, каналдар жана башка объекттер боюнча көптөгөн каттарды жазышкан. Сүйлөшүүлөргө келгенде өзбек тарап ошол каттарга жооп берүүдөн баш тартып, биз Москва менен такташалы деген шылтоолорду ооз учунан айтышып, качып жүрүшкөн.

“Азаттык”: Өзүңүз айтып жаткан жылдардан бери өкмөттөр аралык комиссиялар иштеп келатпайбы. Аларда тил табышуучулук, жалпы түшүнүүчүлүк барбы же карама-каршылык күчтүүбү?

Токон Мамытов: Карама-каршылык өтө чоң. Ошондуктан жакын арада чечүү өтө кыйын. Кыргыз тарап үч жылбы, он жылбы сүйлөшүүлөрдү уланта бериш керек, талашып, коюп келаткан Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарынан тайбай, бекем турушубуз керек.

“Азаттык”: Эки өлкөнүн президенттери эмне үчүн бири-бирине каттабайт, расмий визит деген болбой жатат. Мүмкүн кыргыз тарап биринчи кол сунуп, кадам ташташ керектир?

Токон Мамытов: Жогорку деңгээлдеги кызматташуу болбой жатат дегенге макул эмесмин. Тышкы иштер министрлеринин жана өкмөт башчысынын орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр уланууда.

“Азаттык”: Мен айтып жатканым, президенттердин деңгээлинде бири-бирине каттаган расмий сапарлар болгон жок да?

Токон Мамытов: "Мен сени көптөн бери көрө элекмин, сага конокко барам" деп кете берген болбойт. Тынч Европанын премьер-министрлери менен королдору деле он жылдан көрүшпөй калышат...

Сүйлөшүүлөргө келгенде өзбек тарап ошол каттарга жооп берүүдөн баш тартып, биз Москва менен такташалы деген шылтоолорду ооз учунан айтышып, качып жүрүшкөн.

“Азаттык”: Бирок алардын чек аралары бекем да?

Токон Мамытов: Сиз жаңыласыз, мисалы, Голландия менен Бельгиянын ортосунда 300 жылдан бери келаткан чек ара маселеси бар. Орусия менен Жапониянын ортосунда бир топ чырлуу жерлери аз эмес. Скандинавия өлкөлөрүндө талылуу маселелер арбын. Канада, Мексикада талаш бар. Дүйнөдө 200гө жакын мамлекет болсо алардын 76сында чек ара маселеси курч бойдон турууда.

Ошондуктан чек араны чечип келгени Ташкентке барып, он күндөп жатып алып чечип келем деген болбойт. Ар бир мамлекеттин өз кызыкчылыгы бар. Алардын айтканына көнүп, документке кол коюп бере салып, бат чечип салам деген да болбойт. Дипломатиялык, саясий жолдор менен аларды биздин кызыкчылыкка көндүрүп, сунуштарга ынандыруу керек. Акылды калчап иш кылышыбыз зарыл.

“Азаттык”: Бакыт мырза, чек ара маселелерин чечүүнүн чет элдик тажрыйбалары кандай, алар ишти кантип алып барышат?

Бакыт Жумагулов: 2012-жылы биз Жапонияга барып келдик. Хокайдо университетинде чек ара маселелерин изилдей турган борборлор бар экен. Чек аларды кантип башкарыш керек, ага кандай иш-аракеттерди жасаш керек, изилдеп чыгышат экен. Глобалдык алкакта мамлекет эмне кылышы керек, жергиликтүү деңгээлде эмне жумуш жасалат, эл менен кантип иштөө керек, бардыгына илимий анализ жасалып, сунуштар берилет экен. Мисалы, Жапониянын Орусия менен болгон чек ара суроолоруна бир топ сунуштарды даярдашкан. Бизде дагы ушундай мамиле кылса жакшы болмок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG