Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:29

Ар башка жазманы колдонгон улуттун заманбап көйгөйү


"Мурас" фондунун энбелгисинде "мурас" сөзү кыргыз элинин тарыхындагы руна сымал, арап, латын жана кирил ариптери менен жазылган. Мындагы руна сымал жазма гана азыркы тапта колдонулбайт.
"Мурас" фондунун энбелгисинде "мурас" сөзү кыргыз элинин тарыхындагы руна сымал, арап, латын жана кирил ариптери менен жазылган. Мындагы руна сымал жазма гана азыркы тапта колдонулбайт.

Бир улуттун ар башка топтору ар кыл алфавитти колдонушу – дүйнөдө сейрек деле көрүнүш эмес. Тарыхый коңшулар – кыргыздар менен монголдор буга далил. Алардын көйгөйү – орток жазмага биригүү маселеси. Компүтер доору аларга виртуалдык биримдикти сунуштоодо.

Монголдор

Монголдор азыркы тапта кирил (Монголия) жана салттык монгол (КЭРдин Ички Монголия аймагы) колдонууда.

Байыркы доордо прото-монголдор ханзу иероглифтерин колдонгон.

Өгөдөй хан – Чыңгыз-хандын мураскору.
Өгөдөй хан – Чыңгыз-хандын мураскору.

Чыңгыз-хандын доорунда Тататоңа аттуу уйгур 1204-жылы монголдорго туткундалып, аларга чыгыш түрк (уйгур) жазмасынын негизинде жаңы алфавити негиздеп берет. Монголдордун тарыхтагы бул жазмасын кээде “Уйгурдан алынган монгол жазмасы” (“Уйгуржин монгол бичиг”) деп аташчу. (Түрк элдеринин эски “битиг” сөзү монголдорго “бичиг” түрүндө өткөн).

Кийинки доорлордо бул жазманын ар кыл варианттары (анын ичинде чарчы жазма делгени ж.б.) жаралган.

Баарынан кызыгы, Советтер Биримдигинин шериги жана коштондусу болгон Монголияда 1941-жылы 1-февралда латын алфавити кабыл алынган. Бирок Кремлдин тымызын кысымы менен ошол эле жылдын 25-мартында бул жазма кайра четке кагылган.

Көп узабай, Монголия СССРдеги бир катар чакан жумурияттар сыяктуу эле, кирил жазмасын (аргасыздан) кабыл алган. Азыркыга чейин монгол илимпоздору латын жазмасы алардын эне тили үчүн алда канча ыңгайлуу болгонун белгилешет.

Чыңгыз-хандын Ордостогу айкели. Ички Монголия, КЭР.
Чыңгыз-хандын Ордостогу айкели. Ички Монголия, КЭР.

Монголдордун 1204-жылдан учугун уланган салттык жазмасы болсо азыркы тапта Кытайдагы Ички Монголия автоном аймагында үзүрдүү колдонулуп келет.

Кыргыздар

Азыркы кыргыздар бир эле учурда үч башка алфавитти колдонууда: Ала-Тоодо 1940-жылдан тартып кирил жазмасы колдонулса, Кытай, Пакистан жана араб өлкөлөрүндөгү кыргыздар арап алфавитин, ал эми Түркиядагы кыргыздар латын жазмасын колдонуп келишет.

Тагыраак айтканда, кытайлык кыргыздар ала-тоолуктардан сурап отурбастан, өз адабиятын арап арибинде татынакай өнүктүрүп келүүдө.

Ал эми Түркиядагы кыргыздар азыркы түрк латын алфавитин колдонуп, ага Ň (ң) тамгасын гана кошууда.

Пост-советтик кыргыз айлыңдары болсо кирил жазмасын сактоо зарылбы же латынга кайра өтүү керекпи деген суроого баш катырып жатышат.

Жазманы которбостон биригүүгө мүмкүндүк

Арийне, дүйнө жүзүндө өз улуту үчүн жалгыз эгемен мамлекетти курган ала-тоолук кыргыздар бир маселени өз өкмөтү аркылуу расмий чечүүнү эске алышы абзел: кирил жазмасынан эч качан (же азырынча) көчпөй турган чакта да, Кыргызстан бийлиги кыргыз тили үчүн үч жазманы тең реформалап, ар жазмадагы тыбыштар бирден гана тамга аркылуу жазылышын расмий камсыз кылышы зарыл болуп турат.

Ошондо эсепкердеги (компүтердеги) бир гана седепти басуу аркылуу кыргызча тийешелүү текст алеки заматта тигил же бул (кирил, латын, арап) алфавитине которулушу мүмкүн.

Бул реформалык аракетти быйыл эле жүзөгө ашырууга болот. Эгерде саясий эрк жетишпесе, анда аны ондогон жылдарга создуктурууга деле аргасызбыз.

Фейсбуктагы бир талкууда жазганымдай, дүйнөлүк деңгээлден алганда, үч аргымак (үч жазма) кыргызга реформасыз деле бирдей кызмат кылууда. Бирок тыбышты тамгалар аркылуу берүүдө кирил жана латын жазмаларында алиге чейин башаламандык бар (бул тууралуу мурдагы макалабызда токтолгонбуз).

Бул башаламандыкты жоюп, улутубузга бири-биринен калышпастан кызмат кылып жаткан үч аргымактын тең виртуалдык тизгинин бирдей кылып түзүп алсак, анда ар башка мамлекеттерге чачыраган болочокку муундарыбыз үчүн байсалдуу алфавиттик-маданий көпүрө түзүп берээр элек.

Окурман сурашы мүмкүн – монголдорчу? Алар бул жаатта эмне кылып жатышат? Бир гана билгеним – алар да изденип жатышат.

XS
SM
MD
LG