Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Шахтадагы балалык


Нурбек бир вагон көмүрдү казылган жерден жүк ташуучу машинеге чейин жеткиргенине 200 сом алат
Нурбек бир вагон көмүрдү казылган жерден жүк ташуучу машинеге чейин жеткиргенине 200 сом алат

Кечээ дүйнөдө Жакырчылыкты жоюунун эл аралык күнү белгиленди. Жакыр жашоодон кайсыл гана өлкөдө болбосун, эң оболу жаш балдар жабыр тартышууда. Кабарчыбыз Кыргызстандын эң четки - Сүлүктү шаарындагы көмүр кендеринде иштеген жаш балдардын абалына кызыкты. Бул маселе азырга чейин иликтене элек.

Далысына бир туурам наны менен иче турган суу салынган баштыгын артына, улам белинен ылдый түшүп бараткан шымын жогору тартып байлап койгон Нурбек көмүр казылып жаткан жерден 50 метрдей ары жактагы оор машинеге көмүр жеткирип жатты. Бою кичинекей, арык бул бала өзү 11 жашта экенин айтпаса, мен аны 10го да толо элек деп ойломокмун.

- Азыр бул машинеге көмүрдү артып жатабыз. Акчасы вагонуна жараша, бир вагонду артсак, 200 сом алабыз", - дейт ал. Мен андан:

- Ата-энең сен бул жакта иштеп жатканыңды билеби?, - деп сурадым.

- Апам үйдө, атам – шахтер. Төрт бир тууганбыз, - дейт бир аз уялыңкы үн менен.

Нурбек – Кыргызстандын эң четки районундагы бул көмүр кенинде иштеп жаткан ондогон, а балким жүздөгөн балдардын бири. Анын айтымында, дал ушул эле жерде аны менен кошо төрт бала, коңшу шахтада дагы жети бала иштейт. “Ишке көнүп деле калдым”, - дейт ал.

- Биз бул жерден көмүрдү үйгө алып барбайбыз, кээде өзүбүз топтогонубузду сатып жиберебиз.

“Азаттык”: Көмүр арткан оорбу?

- Жок, оор эмес, жеңил эле...

“Азаттык”: Сен өзүң да көмүрдү көтөрөсүңбү?

- Ооба, бир кап көмүрдү көтөрөм.

“Азаттык”: Бир кап көтөрөсүңбү? Белиң оорубайбы?

- Жок, оорубайт... Тээтиги жерге чейин көтөрүп барып, ошол жерге коюп коёбуз. Ал жерден башка кишилер машинелерге жүктөп алып кетишет.

Нурбек азыр каникул учурунда гана шахтага келгенин, бир нече күндөн кийин мектеп ачылганда окуудан калбаганга аракет кылаарын айтат. Жайдары мүнөз, улам мага күлүңдөп, фотоаппаратымды кызыга караган бул баланын көз карашында, мүнөзүндө бирок кадимки жаш баланын кыялы байкалбайт.

“Атама жардам берейин деп келдим”, - дейт ал. Атасы шахтада иштейт экен, айлыгы 5000 сомдун тегерегинде. 100 доллардан бир аз эле ашыгыраак акчага азыр бир ай төрт балалуу үй-бүлөгө жашаган айыл жеринде да оңой эмес.

Шахтадагы балалык
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:03 0:00
Түз линк
(баяндын аудиосун угуңуз)

Сүлүктүлүктөрдүн үлүшү

Кыргызстандын борбор калаасынан миң чакырымдан алыста жайгашкан Сүлүктү – бул жалпы эле Борбор Азиядагы эң эски көмүр кендеринин очокторунун бири. Азыр 20 миңдей калкы бар шаарда кара алтынды 1868-жылы алгач каза башташкан.

Бүгүн ал Советтер Союзу ыдырагандан кийинки дээрлик 20 жылдык танапистен кийин кайрадан өндүрүүгө жандуу киргизиле баштады.

Сүлүктүдөгү ондогон көмүр казылчу жайлардын бири, 14-август, 2012
Сүлүктүдөгү ондогон көмүр казылчу жайлардын бири, 14-август, 2012
СССРдин кыйрашы республикадагы көптөгөн тармактардай эле, учурунда дүңгүрөп турган көмүр казуу өндүрүшүнүн да дээрлик толугу менен токтоп калышына алып келген. Эки он жылдыкта мамлекет бул жерде көмүрдү жетиштүү деңгээлде өндүрө албай, элдин социалдык абалы да начарлап кеткендиктен жайдын аптабында да, кыштын ызгаарында да кендин ар кайсыл чуңкурларынан жергиликтүү эл көмүрдү өзү эле чукуп каза баштаган болчу.

Сүлүктүлүктөрдүн айтымында, акыркы 2-3 жылда абал өзгөрдү. Азыр 20га чукул менчик ишкана көмүр казат. Бул жерде жаш балдар, окуучулар көмүр казууга, аны артууга байланышкан оор ишке тартылып жатыптыр деген сөз да көңүл сыртында кала баштады. Кудум балдар такыр эле көмүр кендерине жолобой калгандай сезилген.

“Проблема жаш балдарды эксплуатациялоого байланышкан илимий иликтөөлөр да болбой, ага анчейин маани берилбей калгандыгында”, - дейт Кыргызстандагы Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова.

"Чынында эле бул абдан көңүл бура турган көйгөй. Бирок биз ал жакка барып, изилдөө жүргүзгөнгө укук коргоочуларда мүмкүнчүлүгүбүз болбой жатат. Анткени анын жол киреси бар, ал жакта жашаганга да чыгым кетет", - дейт ал.

Мектеп жашындагы балдар чоңдор менен бирдей эле иш аткарышат
Мектеп жашындагы балдар чоңдор менен бирдей эле иш аткарышат
Укук коргоочулар проблеманы жеринде көрө алышпаса да, ар кайсыл аймактарда акыйкатчынын өкүлдөрү бар экенин, көмүр кендериндеги балдардын абалын да алар иликтесе болоорун айтат.

"Эмне үчүн көмүр казган шахталар балдардын эмгегин колдонушат? Анткени алар элпек, арзан, канчалык иш оор болсо да ага чыдай беришет. Себеби балдар өздөрүнүн укугун коргой тургандай аларга нааразылык да билдире алышпайт, - дейт Турдубекова. - Жер-жерлердеги акыйкатчынын өкүлдөрү андай учурларды таап, милиция менен биргеликте текшерүүлөрдү уюштурса болот. Эгер андай окуя табылса, ошол ишканалардын көмүр казууга лицензиясын тартып алыш керек. Бир да ата-эне, колунда бир аз эле акчасы болсо, баласын эч качан шахтага жибербейт. Бул айласыздыктын эле амалы болуп жатат, такыр эле ачкачылыктан өлүп калбайлы деген эле айла".

"Эң орчундуу маселе"

Сүлүктүдө көмүр казып иштеген компаниялардын өкүлдөрүнөн “Сиздерде жаш балдар иштейби?” деп сураганымда, баары бир добуштан андай болушу мүмкүн эместигин айтышкан. Бирок проблема бар экенин жергиликтүү бийлик четке каккан жок.

Сүлүктү шаарынын вице-мэри Рахатай Амирова муну “Эң орчундуу проблема” деп атады.

- Сөздүн ачыгы, моюнга алышыбыз керек, балдар кээде шахталарга барып, кышка даярданып алалы, бир аз акча иштеп алалы деп барышат. Бул – биздеги эң орчундуу проблема. Биз: шаардык бийлик, ата-энелер, - баарыбыз буга каршыбыз. Мунун баары жокчулуктун, муктаждыктын айынан болуп жатат. Биз мэрия менен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер боюнча инспекциясы менен биргеликте рейддерди уюштуруп турабыз. Рейд учурунда кармалган балдар окуган мектептин директору, класс жетекчиси, ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз.

“Азаттык”: Бирок максат жаш балдарды жазалоодо эмес да, туурабы? Анткени алар муктаждык болгону үчүн, башка айласы жоктугунун айынан барып жатышат да мындай ишке?

- Туура айтасыз. Биз аларды жазалаш үчүн ушундай иштерди жүргүзүп жаткан жокпуз. Биз аларга жашы жете элек балдар шахтага барбашы керектигин гана түшүндүрөбүз.

“Азаттык”: Эгер ал балдар иштебесе, анда жардамга муктаж андай үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн башка жолдору барбы?

- Албетте. Шаардык бийлик ошол кендердин жетекчилери менен биргеликте жардамга өтө муктаж деп саналган 500гө жакын үй-бүлөгө жылына кышка даярдык үчүн ар бирине жарым тоннадан көмүр беребиз деп макулдашканбыз. Азыр көпчүлүгүнө берип бүттүк. Октябрдын этегинде ошол көмүр казган компаниялардын жетекчилери шаардык бийликке планды кандай аткарышканы боюнча отчет беришет. Муктаждыктан чыгыш үчүн ушундай иш аткарып жатабыз, - деди Сүлүктү шаарынын вице-мэри Рахатай Амирова.

"Ачуу чындык - ушул"

Кыргызстандагы көмүр шахталарында иштегендердин катмары боюнча азырынча бир да иликтөө жүргүзүлбөгөндүктөн, жалпы өлкө боюнча шахталарда канча бала иштеп жатканын айтыш кыйын. Балдардын укугун коргоочулар проблема өзгөчө курч турганын айтышканы менен, колунда аны тастыктаган бир да далили жок.

Айрым укук коргоочулар болсо, мамлекет маселени көмүр кендерин такыр жабуу менен чечиши да ажеп эмес деп чочулашат.

Көмүр кениндеги балдар, 14-август, 2012
Көмүр кениндеги балдар, 14-август, 2012
Бирок республикалык өкмөттүн өкүлү, социалдык өнүгүү министринин орун басары Эдил Байсалов “проблеманы чечүүнүн жолу шахтаны такыр жабуу деп ойлогон туура эмес”, - деди.

- Албетте, биз бул шахталарды иштетишибиз керек. Албетте, ал жерде социалдык абал жакшыртылып, каржыланышы керек. Албетте, балдар мектепке толук барышын, балалык укугу корголушун камсыз кылышыбыз зарыл. Мунун баары биз “аттиң” деп турган нерселер. Аларды чечиш үчүн биз жалпы эле турмуш-тиричилигибизге, экономикабызга, маданиятыбызга комплекстүү кароо менен мамиле кылышыбыз абзел. Буга азыр оңой жооп жок. Ата-энелерди, балдарды айыптаганга да, мактаганга да болбойт. Бул туура эмес экенин алар өздөрү деле түшүнүп турат. Бирок тилекке каршы, азыркы деңгээлибиз ушул, турмуштун ачуу чындыгы ушул. Ошентсе да, мамлекеттин саясаты мында так – балдардын укугун коргоп, аларга шарттарды түзүп бериш.

“Азаттык”: Кыргыз өкмөтүнүн ушул шахтадагы балдардын турмушун бир аз болсо да жеңилдеткенге кандай конкреттүү аракетин айта аласыз?

- Жөлөк пулдун көлөмү азыр көбөйтүлүп жатат. Бюджетте акчанын тартыштыгына карабай, 1-ноябрдан тарта ар бир балага жөлөк пулду 370 сомдон 580 сомго, дээрлик эки эсеге көбөйтүп жатабыз. Бирок бул албетте, муну менен эле чечилип кала турган нерсе эмес. Тилекке каршы, бул – абдан чоң социалдык кризис. Эң башкысы биз муну көнүмүш нерсе катары карабай, ар бир фактыны өзгөчө кырдаал катары таанып, балдарыбызды сактап калалы деп жатабыз, - деди Кыргызстандын социалдык өнүгүү министринин орун басары Эдил Байсалов.

Сүлүктүдө негизги көмүр казган кендер шаардын борборунан 15-20 чакырым алыста жайгашкан. Кеч кирип, мен шахтадан кайтканда Нурбек беш-алты курбусу менен жолдо бараткан экен. Бул ирет мен машинеде өтүп баратып, аны араң тааныдым. Көмүрдөн балдардын бети-башы, кийими толугу менен таанылгыстай болуп калган эле...
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG