Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:10

Депутат Райымкулов Ташиевди теледебатка чакырды


Саясатчы Камчыбек Ташиев "Фейсбук" баракчасына "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкуловду сындап, пикир жазды.

- “Республика-Ата Журт" партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүнчө боло элексиз, болушуңуздан күмөн санайм. Биздин "Ата Журт" партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте отурасыз, – жазды Ташиев.

Ташиевдин нааразы болушуна буга чейин Бактыбек Райымкуловдун "Азия ньюс" гезитинин шайлоо боюнча суроосуна жооп бергени негиз болгон. Анда депутат “Республикада” бир аз мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, ал эми “Ата Журт” тууралуу эч нерсе “айта албасын” билдирген.

Ал эми Райымкулов Ташиев жоопту түшүнбөй калып пикир жазганын айтууда.

- "Ата-Журттун” мүмкүнчүлүгу кандай деген суроого “айта албайм” деп жооп бергем. Жоопту туура түшүнүп, анан пикирин жазса болмок. Туура түшүнө албаса деңгээли ошол да, – деген Райымкулов Ташиевди теледебатка чакырды.

Буга чейин «Азаттык» радиосуна Камчыбек Ташиев «Ата Журт» шайлоого өз алдынча бара турганын ырастаган. 2014-жылы парламенттик шайлоо алдында бириккен «Республика - Ата Журт» фракциясы VI чакырылышта депутаттык мандат алуу жагынан экинчи орунду ээлеген.

Юридикалык жактан Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев теңтөрага болгон «Республика - Ата Журт» партиясы бар. Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Республика» жана «Ата Журт» партияларын такыр башка адамдар негиздеген. Ортодон пайда болгон «Республика - Ата Журт» биротоло жоюлабы же жокпу, азырынча белгисиз. (TSh)

XS
SM
MD
LG