Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Жээнбеков: Эгемен мамлекетибизди сактоо милдетибиз


Президент Сооронбай Жээнбеков 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Анда президент кыргыз орто кылымдарда улуу кыргыз дөөлөтүн түзүп, кийин мамлекетин жоготуп, тарыхтын оор сыноолорун башынан кечиргенин белгилеп, Үркүн, Октябрь революциясын башынан кечиргенин эске салган.

“Бул окуялардын баасы – өтө бийик, саясий репрессияда курман болгондордун өмүрү менен өлчөнөт. Кылымдар бою эңсеген элдин мүдөөсү аткарылып, 1991-жылы эгемен мамлекетибизге ээ болдук, мамлекеттүүлүгүбүз кайрадан жаралды. Биз ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн тарыхый ыйык жоопкерчиликти сезип турабыз”, – деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндүн урматына "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде эскерүү иш-чарасы өттү.

Ага мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү катышты.

Чогулгандар 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондорду эскерүү мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту.

2010-жылдын апрелинде курман болгондорду эскеришип, куран окулду.

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, аны парламент колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG