Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:44

Жээнбеков: Cөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири


Президент Сооронбай Жээнбеков 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө байланыштуу журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоо кайрылуусунда журналисттер өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жатканын белгилеген.

- Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат. Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда калыс жана ар тараптуу болууну каалайм, – деди Жээнбеков.

Өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет.

Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (22)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG