Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:28

Кумса дарыгердин айынан министр сөгүш алды


Яйлим Бердиев.
Яйлим Бердиев.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов кумса дарыгерге байланыштуу окуя коомчулукка кеңири жайылып кеткени үчүн улуттук коопсуздук министри Яйлим Бердиевге катуу сөгүш берди.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы бийликтеги өз булактарына таянып, президент жаш дарыгер Касымберди Гараевдин жагдайын чет өлкөлүк басылмалар да чагылдырганы үчүн "түркмөндөрдүн эл караган бетин жер каратты" деп жаалданганын билдирди. Кесиби боюнча дарыгер Бердымухамедов мындай окуя врачтардын арасынан чыкканы үчүн катуу ачууланган.

24-октябрдан бери дайын-дареги билинбей жаткан 24 жаштагы дарыгер-кардиолог Касымберди Гараев 6-ноябрга караган түнү үйүнө кайтып келгени белгилүү болгон. Ал өткөн айда кумса экенин, сексуалдык азчылыктын өкүлү болгону үчүн кодуланып жатканын жана зордук-зомбулукка да кабылганын айтып, "Азаттыктын" түркмөн кызматына интервью берген. Коопсуздук себептеринен улам алгач анын маеги "Камил" аттуу адамдын атынан жарыялаган.


Касымберди Гараев 24-октябрда Ашхабадга милицияга чакыртылган боюнча дайын-дареги билинбей жаткан. Мындан улам "Азаттыктын" түркмөн кызматы Гараевдин аты-жөнүн ачык жарыялоого аргасыз болгон.

6-ноябрда кечинде алгач Касымберди Гараевдин атасы "Азаттыктын" түркмөн кызматы менен байланышып, кабарчылар менен уулун сүйлөштүргөн. Анда өзүн кумса деп атаган дарыгер буга чейинки айткандарынын баарын төгүнгө чыгарып, "Азаттыктын" түркмөн кызматынын кабарчылары менен маектешкенин танган.

Буга чейин «Human Rights Watch» жана сексуалдык азчылыктардын укугун коргогон бир катар уюмдар түркмөн бийлигинен дарыгер Касымберди Гараев тууралуу маалымат берүүнү, эгер ал камакта болсо, тез арада бошотуп, эмне себептен камакка алынганын түшүндүрүүнү талап кылып жаткан.

Түркмөнстанда кумсалык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жыныстык азчылык өкүлдөрүнө каршы жасалган зомбулук тууралуу маалыматтар тастыкталбай же төгүндөлбөй келет. Мурдагы союздук республикалардын ичинен Өзбекстанда да кумсалык үчүн мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

XS
SM
MD
LG