Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:03

Лос-Анжелесте Садык Шер-Нияз уюштурган кинофестивал башталды


6-ноябрда Лос-Анжелесте Эл аралык Азия кинофестивалы (Asian World Film Festival) башталды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Депутат Иманалиев “Лос-Анжелесте элүүдөн ашык өлкөнүн кино дөө-шааларынын башын кошкон Азия кинофестивалы бүгүн өз ишин баштап, аны Садык Шер-Нияз ачып, эл дуу кол чапканына кыргызстандык делегация сыймыктанып отурдук”, – деп жазды.

Быйыл бешинчи ирет өтө турган фестиваль режиссер, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG