Өлкөдө 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет.
Басма сөз күнү катары кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити 1924-жылы дал ушул күндө жарык көргөнүнө байланыштуу белгиленип келет. Кыргызстандын Юстиция министрлигинен миңден ашуун гезит-журнал каттоодон өткөн.
Бирок, 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү расмий белгиленип, бул күндөр дем алыш деп жарыяланган.
Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. (TSh)