Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 5-апрель, 2020 Бишкек убактысы 03:14

Өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган адам эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл районунун 51 жаштагы тургуну 12 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген шек менен эки айга камакка алынды. Бул ишти Ысык-Көл райондук милициясы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, Жазык кодексинин 39-161-беренесинин негизинде («Зордуктоого аракет кылуу») сотко чейинки териштирүүнү баштады. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Сталбек Усубакунов билдирди:

«Тийиштүү экспертизалар дайындалды, анын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Ал эми Ысык-Көл райондук соту шектүү деп кармалган 1969-жылкы жаранды эки айга камакка алды. Азыр бул жаран Каракол шаардык ТИЗОсунда камакта отурат».

Маалыматка караганда камакка алынган адам мас абалында 5-март күнү кошунасынын үйдө жалгыз калган өспүрүм кызын зордуктоого аракет кылып жатканда атасы келип кармап калган. Бул окуядан кийин ата-энеси милицияга арыз менен кайрылган.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда балдарга карата кылмыштардын ичинен зордуктоо фактылары биринчи орунда турат. (KS)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG