Киевдин аппеляциялык соту президент Леонид Кучмага каршы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн судья Юрий Василенко билдирди. Президент Кучмага,атап айтканда,өкмөт башчысы болуп турган кезде мамлекеттик каражаттарды ысырап кылган,экс-премьер Ла- заренкодон пара алган,Иракка курал-жарак сатканга көрсөтмө берген, журналист Гонгадзе нин көзүн тазалаткан жана башка мандемдүү иштерге катышкан деп айыптап жаткан оппо- зициянын арызы боюнча иш ачылат.Оппозиция ушундай эле арыз менен өлкөнүн Жогорку сотуна да кайрылган эле.