Эл аралык эксперттерден куралган топ Индонезиядагы террордук акцияны иликтөөгө ки- ришти,ага ФБРдын адистери да катышууда.Жергиликтүү полициянын айтымында,шектүү эки адам кармалып,азыр сурак берүүдө.Бүгүн парламентте сөз сүйлөп,Австралиянын пре- мьер-министри Жон Ховард бул ишти аль-Каида уюму уюштурду деп эсептегенге олуттуу жүйөөлөр бар экенин,бирок муну тастыктаган конкреттүү таныктар азырынча жоктугун айт- кан эле.Ишемби күнү Индонезиянын курорттук Бали аралындагы түнкү клубдардын бирин- де жарылган бомбадан 180дей киши мерт болуп,300дөн ашуун адам жабыркаган эле. АКШ- нын президенти Жорж Буш да Балидеги террорду аль-Каида уюштурган болуу керек деп эсептейт. Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңеши бул ишти кескин айыптап,террор- ду уюштургандарды издеп табууда дүйнөлүк өлкөлөрдү Индонезия өкмөтүнө көмөктөшүүгө чакырды.