Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Балидеги террорду иликтөө уланууда.


Индонезиялык полициянын өкүлү Бали аралындагы террордук ишке байланыштуу азыр 8 киши сурак берип жаткандыгын билдирди. Тергелип жаткандардын бири жакынкы чыгыш өлкөлөрүнүн биринен келген, калгандары индонезиялыктар. Азырынча ырасмий түрдө эч ким камакка алына элек. Өлкөнүн президенти Мегавати Сукарнопутри терроризмге каршы күрөштө өзгөчө чараларды көрүүнү караган жарлык чыгарганы жатат. Ал эми Австралия менен Жаңы Зеландиянын бийликтери болсо өз граждандарын террордук жаңы коркунучтардан улам Индонезиядан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырды. Австралиянын премьери Жон Ховард бүгүн Бали аралына келип, террордук апаат маалында набыт болгондордун арбайын эскерүү иш чараларына катышты.

XS
SM
MD
LG