Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Инспекторлор Иракка чоң мандат менен гана бара алат, деп эсептейт Аннан.


ООНдун баш катчысы Кофи Аннан эл аралык инспекторлор Иракка чоң мандат менен гана кайтып бара алат, деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Казакстандын борбору Астанада билдирди. Аннан ООНдун башчылыгына шайлангандан бери борборазияга биринчи мерте визит менен келди. Ушул эле күнү Астана да ал Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Аннан региондогу жаңжалдарды басууда Казакстандын ролун жогору баалады. Эртең ал Өзбекстанга жол тартат, андан соң Кыргызстанда болот жана региондогу сапарын Тажикстанда карытат.

XS
SM
MD
LG