Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Келаткан ишембиде Ирландияда Евросоюзду кеңейтүү маселеси боюнча кайрадан референдум өткөрүлөт.


Былтыркы референдумда ирландиялыктар Евросоюзга дагы он өлкөнү мүчө кылып алууга каршы чыгышкан эле. Евросоюзду кеңейтүү боюнча Ниццеде кол коюлган келишим союздун бардык өлкөлөрүндө ратификациядан өтүүгө тийиш. Быйылкы референдум алдындагы коомдук пикирдин иликтөөлөрүнө караганда,союзду кеңейтүүнү ирландиялыктардын 39 проценти жактайт,22 проценти жактабайт. Шайлоочулардын калган 31 про центи али бу маселеде бир беткей чечимге келе элек. Ишембидеги референдумдун жыйынтыгын калктын дал ушул олку-солку катмары аныктайт дешет.

XS
SM
MD
LG