Мындай маалымат 16-октябрда тынчтык корпусунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Марат Усмановдон алынды. Анын маалыматына караганда, ыктыярдуулардын арасында англис тили боюнча мугалимдер жана экономикалык өнүгүү тармагы боюнча адистер бар. Алар ыктыярдууларды даярдоо борборунан 12 жумалык даярдыктан өткөндөн кийин алыскы райондордогу мектептерде, окуу жайларда иштөөгө кетишет. Айрымдары жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен иштешип, социалдык тармак боюнча ар кандай долбоорлорду даярдоого кол кабыш кылышат.