Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов өкмөт жыйынында өлкөдө пахта терими үзгүлтүккө учураганын сынга алды.
" Итар- Тасс " агенттии билдиргендей, түркмөн президенти өкмөт жыйынында : "Белгилегенген эки миллион тоннанын ордуна 500 миң тонна гана пахта жыйналышы бул кампания үзүгүлтүккө учураганын ачык белгиси. Быйыл бул тармакта көрүлгөн аракеттер, жумшалган каражаттар, банктардын кредиттери бекерге кетти ",-деп айткан. Ошондой эле президент Ниязов үстүртөн көрсөтмө күтпөй иштей турган чыныгы фермерлердин жоктугу үчүн жергиликтүү бийликтерди, айыл чарба министрлигин айыптады.. Түркмөнстанда соңку бир нече жылдан бери көп өлчөмдө пахта жыйналганы кабарланат, бирок аны ырастаган көз карандысыз булактар жок.