Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

Президент Путин Орусия-Евросоюз саммитине барат.


Москва бүгүн президент Путин ноябрь айынын он биринде Брюсселде өтүүчү Евросоюз-Оруссия саммитине катышаарын ырастады. Саммит алгач Евросоюзда азыр төрагалык кылган Даниянын борбору Копенгагенде өтөөрү белгиленген эле.
Бирок, Орусия тарап Дания өз баш калаасында чечендердин жыйынын өткөрүүгө мүмкүндүк бергени үчүн президент Путин Копенгагенге барбай турганын билдирген. Ушундан улам саммит өтүүчү жер өзгөртүлдү. Самитте башкы маселе катары Орусиянын Калинград облусунун тургундарынын өлкөнүн башка аймактарына каттоо тартиби талкууланат. Польша менен Литванын ортосунда турган Калининград облусу аталган эки өлкөнүн Евросоюзга кириши менен Орусиянын Евросоюздун аймпагындагы анклавы болот.

XS
SM
MD
LG