Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

АКШда Конгресске шайлоо өтүүдө.


АКШда бүгүн өлкө Конгрессине шайлоо өтүүдө. Добуш берүү өлкөнүн чыгышындагы штаттардан башталды. Бүгүнкү шайлоонун натыйжасында Конгресстеги саясий күчтөрдүн курамы аныкталат. Бул ирээт Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүнүн баары жана Сенаттын 100 мүчөсүнүн 34 тү шайланат. Мындан сырткары өлкөнүн 36 штатында губернаторлор шайланууда. Талдоочулардын пикиринде, республикачылар менен демократтардын ортосундагы негизги кармаш буга чейин эки тараптын добуштарынын саны иш жүзүндө бирдей болуп келген Сенат үчүн жүрөт. Азыр аткаруу бийлигинде турган республикачылар Конгресстин өкүлдөр палатасында да көпчүлүктү түзүүгө аракеттенмекчи.

XS
SM
MD
LG