Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

ООНдун Коопсуздук кеңеши Ирак резолюциясы боюнча мунасага жакындап калды.


Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Ирак резолюциясынын долбоору боюнча мунасага келүү алдында турат, деп билдирди британ тышкы иштер министри Жек Строу. Строунун айтымында, АКШ сунуштап, Британия колдогон документтин кайра каралган текстинде калган өлкөлөрдин пикирлеринин көпчүлүгү эске алынды. Ирак резолюцияда тараптар мунасага жетүү алдында турганын Франция тышкы иштер министри Доминик де Вилльпен да ырастады. Ал белгилегендей, бирок документ дагы тактоолорго муктаж. Франция АКШ резолюциясынын мурдагы долбоорлоруна каршы болуп келген мамлекет. Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө өлкөлөрдүн дагы бири Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Конг Куан да бүгүн Пекиндеги басма сөз жыйынында:
" АКШнын жаңы резолюциясы башка маанилүү өлкөлөрдүн кооптонууларын жана кызыкчылыктарын эсепке алат"-, деп билдирди. Бирок, ал Кытай документти колдоор - колдобусун ачыктаган жок. АКШ документ жума күнү добушка коюлушун көздөөдө. Британ премьер- министри Тони Блэр резолюция эртең болбосо да келерки аптада добушка салынаарына ишеним билдирди.
Ал эми Ирак адаттагыдай эле документтин жаңы долбоорун да четке кагууда, өлкөнүн мамлекеттик гезиттери бүгүнкү сандарында аны ылайыксыз деп мүнөздөштү.

XS
SM
MD
LG