Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Масхадов орус бийликтери менен сүйлөшүүгө даяр.


Чеченстандын козголоңчул президенти Аслан Масхадов бүгүн тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн Орусия президенти Путин менен жолугууга даяр экенин билдирди. Масхадовдун айтымында, ал саясий диалог эч шартсыз башталышына макул. Орус президенти Путин кечээ Масхадовду киши өлтүргүч, кылмышкер деп мүнөздөп, аны менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүн эмес деп белгилеген. Путин ошондой эле Масхадовду жакында Москвадагы барымтага катышы бардыгы үчүн айыптаган. Путиндин кеңешчиси Сергей Ястржембски бүгүн Брюсселдеги басма сөз жыйынында ошол айыптоону кайра кайталап :
" Барымтачылар Масхадовдун кишилери менен байланышкан телефон номерлери, алардын лидери Мовсар Бараевдин журналисттерге берген интервьюсу бул террордук актынын артында Басаев менен Масхадов тураарын көргөздү. Масхадов өз колу менен өзүнүн кандайдыр бир саясий жараянга аралашуу жолун жаап салды",- деп билдирди.
Бүгүн Чеченстандагы Ханкала аскердик базасынын жанында Орусиянын Ми-24 үлгүсүндөгү аскерий тик учмасы техникалык себептерден улам аварияга учурады, бирок экипаждын мүчөлөрү аман калган. Маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, өткөн түнү Грозныйдан 50 чакырымча түштүк -батыштагы Харсеной кыштагынын жанында орус аскерлери менен чечен согушкерлери кагылышкан.

XS
SM
MD
LG