Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Орусия- Евросоюз саммити.


Бүгүн Брюсселде Орусия- Евросоюз саммити өтүүдө. Президент Путин баштаган орус делегациясы менен Евросоюздун жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдө талкууланып жаткан негизги маселелер Чеченстандагы жагдайга жана Орусиянын Балтикадагы анклавы -Калинград облусунун тургундарынын өлкөнүн башка аймактарына каттоо укугуна байланышкан. Калинград облусун курчап турган Литва жана Польша 2004-жылы Евросоюзга киргенден кийин жергиликтүү тургундардын Орусиянын башка аймактарына катоосунда уюмдун виза эрежелери сакталыш керек. Евросоюз өз тарабынан Орусияга калинградддыктар визанын ордуна жөнөкөйлөштүлгөн транзиттик документтерди колдонуусун сунуш кылууда. Уюмдун расмий өкүлдөрү кабарчыларга эки тараптын ортосунда Калинград маселеси боюнча кабыл алынчы келишим даяр экенин билдиршти. Брюсселде президент Путиндин НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон менен жолугушуусу да белгиленген. Саммитти утурлай Европарламенттин депутаттары менен козголоңчул чечен өкмөтүнүн өкүлдөрү Брюсселде өткөргөн жыйынында Евросоюзду Чеченстандагы жаңжаалды саясий жол менен жөндөө ишине активдүү аралашууга чакырды. Евросоюздун Брюсселдеги баш кеңсесинин жанында 100дөй адам Чеченстанда тынчтык орнотуу талабы менен пикетке чыкты.

XS
SM
MD
LG