Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Улуттук банктын башчысы Баткен облусунда


Улуттук банктын төрагасы Улан сарбанов баштаган топ алгач облус губернаторунун кабыл алуусунда болуп, андан соң облустук актив жана жеке ишкерлер менен жолукту. Бул жыйында Улан Сарбанов Баткен облусуна алгач келип жатканын айтып, областа мындан ары банк кызматын өнүктүрүү , кредиттерди берүү тууралуу ойлорун ортого салуу менен, айрым жеке ишкерлердин кредит алуу учурунда тоскоолдуктарга байланыштуу суроолоруна жооп берип, бул багытта жардам болорун билдирди. Ошондой эле иш сапардын учурунда Улуттук банктын бөлүмү ачылып, анын жетекчисинин милдетин аткаруу буга чейин Эсеп-сактоо компаниясынын Баткендеги бөлүмүн башкарып келген Марина Королевага жүктөлдү. Бөлүмдү ачууга областа банк кызматын жана микрокаржылоону өнүктүрүү зарылдыгы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG