Областтагы»Справедливость» адам укугун коргоочу уюмунун буга чейин орус, мындан ары кыргыз, өзбек тилинде чыгуучу басыомасын каражат жагынан бир жыл бою АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин демократиялык комиссиясы колдомокчу. Басылма карапайым жарандардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу максатын көздөйт жана окурмандарга акысыз таратылат. Басылмадагы 2000 нускада жарык көргөн 20 макалада коомдо чыр-чатактарга алып келүүчү жагдайларга баа берилди. «Мыйзамсыздык улантылууда,эртең эмне болот?» деген макалада Аксы районундагы милициянын эски тартипте иштеп жаткандыгы. «Кара маскачандар автоматта» деген макалада Базар-Коргон районундагы коомдук тартип кызматкерлеринин дин туткан адамдарга туура эмес мамилеси сынга алынат.