Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Бишкек мэриясы борбордо жаныбарларды кармоого байланыштуу токтом кабыл алды


Бишкек мэриясы менен Бишкек шаардык кеңеш борбордогу жаныбарлар менен канаттууларды кармоо тартибин жөнгө салуу тууралуу токтом кабыл алды.Мэриянын басма сөз кызматкери Данияр Шабдановдун 12-ноябрдагы маалыматына караганда, токтомго ылайык шаар көрктөндүрүү башкармалыгы жолбун иттерди кармоого милдеттендирилди жана ит ээлерине шаар ичинде иттерди тумшуккапсыз алып жүрүүгө тыюу салынды. Андан тышкары бардык жерде иттерди тосмосу бар итканада гана кармоого уруксаат бериле турган болду. Мындай чечимди кабыл алууга акыркы кезде ит каап алып, жабыр тарткан адамдардын ушул жылдын 10 айында 1981 адамга жеткендиги түрткү болду. Андан тышкары шаар ичинде кой,эчки, уйлардын эркин жүрүүсүнө тыюу салынды. Буга болсо шаар ичиндеги булганыч чөптү жеген малдын этин жеп, сүтүн ичкен адамдардын ооруга чалдыгуулар себеп болду.

XS
SM
MD
LG