Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Тыю салынган диний партиянын мүчөсү Кара-Сууда кармалды


Ош областтык ички иштер башкармалыгын маалыматы боюнча Кара-Суу шаарынын борбордук көчөсүндө баракчаларды чаптап жүргөн жеринен Ош шаарынын тургуну Жунусов Жахангир милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалган кезде анын сумкасынан Кыргызстандын Конституциясына каршы келген, халифат куруу идеясына чакырган 4472 баракча табылган. Мындайбаракчалар жакында Жалал-Абад областында колго түшүрүлгөндүгү жана алар Өзбекстанда басылып чыгарылгандыгы аныкталды.Кылмышкер камакка алынып, ал эми баракчалардын кимдер тарабынан кандай жагдайда чыгарылгандыгын аныктоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын милициясы биргелешкен иш-чара кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG