12-ноябрда кыргыз мусулмандарынын диний башкармалыгында «Рамазан ынтымактын, биримдиктин жана берекенин айы» аттуу конференция болуп, анын катышуучулары өлкөдөгү жалпы мусулмандарга карата кайрылуу кабыл алышты. Анда рамазан айында адамдар бири-бирине кайрымдуу, кечиримдүү болуш керектиги айтылып, калкты сабырдуулукка чакырышты. Муфтияттан ушул күнү алынган дагы бир маалыматка караганда, диний башкармалык мындан ары өлкө аймагы боюнча мечиттерди, медреселерди уруксаатсыз салууга тыюу салды.Муфтият диний жайлар муфтияттын уруксааты менен гана салынсын деген катты архитектура жана курулуш комиссиясына тапшырып, мечиттерди салууда архитектуралык талаптардын аткарылышына да көзөмөл күчөтүлсүн деген талапты койду. Кыргызстанда 900дөн ашуун мечит расмий каттоого алынган менен иш жүзүндө алардын саны эки миңге чукул.