Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:53

Биринчи май райондук соту Турсунбек Акундун арызын карай баштады


12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун премьер министр Николай Танаевди жоопко тартуу тууралуу доо арызын кароого киришти. Сот башталаар менен Николай Танаевдин адвокаты Николай Жучков сотту жоопкердин катышуусуз эле өткөрүүнү өтүнүп, сот аны канааттандырды.Адвокат андан тышкары Николай Танаев «Турсунбек Акун жүргөн жерде башаламандык жана кан төгүү болот» деп айткан эмесмин, бул түшүнбөстүктөн келип чыккан нерсе» деп айткандыгын кабарлады. Турсунбек Акун болсо сотко Танаевдин өзү катышуусун жана анын «Турсунбек Акун жүргөн жерде кан төгүү болот» деген сөзү үчүн өзүнчө кылмыш иш ачылуусун талап кылды. Сот бул боюнча сотко жаңы арыз менен кайрылууну сунуш кылып, аны канааттандырган жок. Турсунбек Акун андан тышкары Танаев эл алдында кечирим сурасын же сот аркылуу 1 миллион сом айыппул төлөөсүн талап кылды жана өзү чет өлкөлүк эч бир уюмдардан каражат албагандыгын күбөлөндүргөн тилкаттарды сотко тапшырды жана сотко ишеним көрсөтпөй тургандыгын билдирип, сот залынан чыгып кетти. Сот арызды кароону 22-ноябрда улантаарын кабарлады.

XS
SM
MD
LG