Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Премьер-министр тажик элчисин кабыл алды


12-ноябрда өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаев Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Махмуджан Сабировду кабыл алды.Анда эки тараптуу соода-экономикалык байланышты өнүктүрүү маселеси менен катар, эки мамлекеттин чек арасында акыркы кезде курчуп бараткан кырдаал да талкууланды. Премьер министр Танаев жакында эле Бишкекте ачылган тажик элчилиги бул багытта иш жүргүзөрүнө үмүттөнөрүн билдирди. Өз кезегинде тажик элчисчи декабрь айынын баш мезгилине белгиленген кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын биринчи жыйынында соода-экономикалык байланышты чыңдоо менен бирге, чек арадагы кырдаал да караларын белгиледи.Ал эми кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун шейшембидеги маалымдоосуна караганда декабрь айында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча эки мамлекеттин комиссиялары 1998-жылы токтоп калган ишин да кайрадан улантат.

XS
SM
MD
LG