Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Кыргыз-беларусь өкмөт аралык комиссия жыйыны 13-ноябрда өткөрүлөт


13-ноябрда Кыргызстанга Беларусь Республикасынан расмий делегация келет. Делегацияны Беларустун вице-премьер министри Александр Попков жетектейт жана ал соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-белорус өкмөт аралык биргелешкен комиссиянын 2чи жыйынына катышат. Кыргыз тараптан биргелешкен комиссияны биринчи вице премьер министр Курманбек Осмонов жетектейт.Өкмөт аралык комиссия жыйынынын күн тартибине 15 маселе киргизилген. Алардын ичинде 2001-2005-жылдар аралыгында өз ара сатып алуулар боюнча өкмөт аралык макулдашуунун аткарылышы, биргелешкен ишканалар түзүү, айыл-чарба тармагында кызматташуу өңдүү маселелер бар. Бул тууралуу шейшембиде Тышкы иштер министрлигинин Беларусь Республикасы боюнча адиси Нурлан Абдырахманов маалымдады.Беларусь делегациясынын Кыргызстанга сапары 15-ноябрга чейин созулат.Эки мамлекеттин соодасынын көлөмү 2002-жылдын 6 айынын ичинде 3млн 600миң долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG