Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Россиянын Ички иштер министри шаршембиде Кыргызстанга келет.


13-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен Россиянын Ички иштер министри Борис Грызлов келет.Ал Бишкекте Кыргызстан Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков менен жолугушуп, өз ара кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр өткөрөт. Борис Грызлов 14-ноябрга чейин улануучу сапары учурунда президент Аскар Акаев менен да жолугушмакчы. Андан сырткары эки министрликтин ортосунда кадрларды даярдоо, уюшккан кылмыштуулукка , наркобизнеске биргелешип каршы күрөшүү жана материалдык-техникалык жардам көрсөтүү боюнча документтерге кол коюлмакчы. Бул тууралуу шейшембиде Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкулов маалымдады.

XS
SM
MD
LG