Америка кошмо штаттарынын жетекчилиги кечээ күнү Конгресстин мүчөлүрү менен макулдашып, былтыр АКШга жасалган террордук чабуул айланасындагы маселелер боюнча атайын комиссия түзүүнү чечти. Он адамдан турган ал көз карандысыз комиссияга - Демократиялык жана Республикалык партиялардан бештен адам кирет жана анын төрагасын президент дайындайт. Америкалык кээ бир эксперттер: өлкөнүн чалгындоо кызматтары мүмкүн боло турган террор аракеттеринин алдын ала алган эмес, - деген сын айтууда. Сенаттагы демократтардын жетекчиси Том Дэшл болсо, кечээ күнү: Усама бин Ладен кармалмайынча, АКШ терроризмди жеңди деп айтуу эрте, - деп билдирди.