Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:44

ООГАНСТАНДАГЫ АМЕРИКАЛЫК АСКЕРИЙ БАЗАЛАРГА ТҮНДӨ РАКЕТАЛЫК ЧАБУУЛ ЖАСАЛДЫ.

Ооганстандагы эки америкалык аскерий базага өткөн түнү ракеталык чабуул жасалды. Кабул шаарынын алдындагы Баграм аскерий базасында жайгашкан америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, ракеталар - Чыгыш Ооганстандагы Гардез жана өлкөнүн түндүк-батышындагы Лвара базаларына тийген. Америкалык аскерлер - ракеталар атылган жерлерге жооп кайтарган, бирок канча адам курман болгондугу же башка кандай чыгаша бар экендиги тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
XS
SM
MD
LG