Израил аскерлери кечээ кечинде Йордан дарыясынын батыш жээгиндеги Рамалла шаарына кыска жортуул жасап, исламчыл "Хамас" уюмунун 17 жоокерин кармап кетти. Палестина автономиясынын жетекчиси Яссир Арафат: бул жортуул ыйык Рамазан айында жасалган жөөтөрдүн дагы бир кылмышы, - деп билдирди, анткени жортуул - исламчылар жаңыдан ооз ачып жатканда орун алган. Жакында эле Арафат "Хамас" уюмуна кайрылып, аны - терор аракеттерин токтотууга чакырган.