13-ноябр күнү Ирак - өлкөгө эл аралык текшерүүчүлөрдү киргизүү тууралуу Бириккен улуттардын Коопсуздук кеңешинин жаңы, биринчиден алда канча катуу чечимин жактырган. Араб Лигасынын башкы катчысы Амр Муса: Ирактын бул чечиминен кийин, ага каршы согуш баштоо тууралуу сөздөр токтотулууга тийиш, - деп билдирди. Бирок америкалык Ак үйдүн басма сөз катчысы Скотт Маклеллан 14-ноябр күнү: алгач Саддам Хуссейн өзүнүн убадаларын иш жүзүндө далилдөөгө тийиш, - деп билдирди.